Difference between revisions of "АДЫШЕВА Тенти"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Mariya moved page АДЫШЕВА to АДЫШЕВА Тенти)
(Айырма жок)

17:30, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АДЫШЕВА Тенти (1920, Ысык‑Көл обл., Тоң р‑ну, Күн Чыгыш айылы – 19. 4. 1984, Фрунзе) – акын, Кыргыз эл акыны (1980). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1955), Кыргызстан ЛKCM Борбордук Комитетинин секретары (1937), Биринчи Май райондук аткаруу комитетинин председатели (1949–51), Республикалык саясий ж‑а илим‑билим б‑ча комитет­тин бөлүм башчысы, Автор­лордун укугун коргоонун Бүткүл союздук башкарма­сынын Кыргызстандагы бөлүмү­нүн башчысы (1956–76) болуп эмгектенген. Адабият ишине 1947‑жылдан баштап киришет. Алгачкы жый­нагы «Заманым» 1961‑ж. жарык көргөн. Чы­гармаларында акын Ата Мекен, тууган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук‑саясий турмуш окуялары­на үн кошуп турган. Эски ж‑а жаңы заманды, элдин турмушунда соңку мезгилде болуп жаткан

АДЫШЕВА5.png

өзгөрүүлөрдү көбүнчө кыз‑келиндердин таг­дырлары аркылуу чагылдырган. Акындын «Жа­рык дүйнө» (1965), «Таалай» (1972), «Ырлар жа­на поэмалар» (1979), «Ой толгоо» (1980), «Менин күнүм» (1983) аттуу китептерине, чыгарма­лар жыйнагынын бир томдугуна (1987) топтол­гон ырларынын өзөк идеясы да ушундай. «Өткөн замандан бир элес», «Каптагайдын кызы», «Жа­ңылдын элеси», «Таалай», «Эстелик» ж. б. поэ­малардын дээрлик бардыгы аялдар темасына ар­налган. Аталган поэмалардын арасынан идея­лык мазмуну ж‑а көркөмдүк касиети жагынан «Жаңылдын элеси» айырмаланып турат. Чыгар­ма Жаңыл Мырза жөнүндөгү элдик аңыздын неги­зинде жазылган. «Кылы үзүлгөн комузум» эскер­месинде Адышеванын адабиятка ж‑а көркөм чыгармачылыкка карата көз караштары, кыргыздын алгачкы муун­дагы акын‑жазуучуларынын, көркөм өнөр кыз­маткерлеринин ж‑а илимпоздорунун, 1930-60-­жылдагы интеллектуалдык маданий турмушунун калыптануу мезгили жөнүндө баяндалат. «Ардак Белгиси» ордени ж‑а бир нече медалдар м‑н сыйланган.