Difference between revisions of "АДЕП ТАРБИЯСЫ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДЕП ТАРБИЯСЫ''' – адамдын коомдогу моралдык аң‑сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм‑турум көнүмүштөрүн пайда кылуу, ошондой эле өз элинин үрп-адаттарынын прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урматтоого тарбиялоо. Адамдын эрки м‑н рухий байлыгынын шайкеш келиши адептүүлүккө жатат. Адеп тарбиясы эмгекке ж‑а коомдук мүлккө туура мамиле жасоо, достукка, чынчылдыкка, адептүүлүккө ж‑а ар ким өзүнүн жүрүм‑турумуна сын көз м‑н кароого ж. б. кемчиликтерин адилет сындоого үйрөтөт. Ал коомдук аң‑сезимдин эң маанилүү формасы болуп саналат. Адам өмүр бою тарбияланып такшалат, ошентсе да, тарбиянын башаты, жүрүш‑туруштун тигил же бул эрежелерине калыптануусу негизинен балалык, өспүрүм кезинен башталат. Мезгил өткөн сайын бул адат өркүндөп‑өрчүй берет. Ар бир коомдун өзүнүн социалдык түзүлүшүнө жараша адептүүлүк эрежелери болот.<br> |
09:45, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АДЕП ТАРБИЯСЫ – адамдын коомдогу моралдык аң‑сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм‑турум көнүмүштөрүн пайда кылуу, ошондой эле өз элинин үрп-адаттарынын прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урматтоого тарбиялоо. Адамдын эрки м‑н рухий байлыгынын шайкеш келиши адептүүлүккө жатат. Адеп тарбиясы эмгекке ж‑а коомдук мүлккө туура мамиле жасоо, достукка, чынчылдыкка, адептүүлүккө ж‑а ар ким өзүнүн жүрүм‑турумуна сын көз м‑н кароого ж. б. кемчиликтерин адилет сындоого үйрөтөт. Ал коомдук аң‑сезимдин эң маанилүү формасы болуп саналат. Адам өмүр бою тарбияланып такшалат, ошентсе да, тарбиянын башаты, жүрүш‑туруштун тигил же бул эрежелерине калыптануусу негизинен балалык, өспүрүм кезинен башталат. Мезгил өткөн сайын бул адат өркүндөп‑өрчүй берет. Ар бир коомдун өзүнүн социалдык түзүлүшүнө жараша адептүүлүк эрежелери болот.