Difference between revisions of "АЙХАЛ"
Jump to navigation
Jump to search
180-227>KadyrM |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
– Якутиядагы алмаздын ири кени; А. | '''АЙХАЛ''' – Якутиядагы алмаздын ири кени; А. ш-на жакын. 1960‑ж. ачылып, 1961‑жыл­дан карьерден, 1997‑жылдан жер астынан (680 ''м'' тереңдикке чейин) казылып алынат. Алгач­кы запасы б‑ча Россиядагы эң ири 5 кендин бири. Калган запасы 40‑50 млн ''карат. Якутия алмаздуу провинциясындагы'' Далдын‑Алакит кимберлит талаасында жайгашкан. Ордовик, силурдун терриген‑карбонаттуу тоо тектерин жиреп чыккан, татаал конфигурациядагы, дээр­лик вертикаль багытындагы кимберлит түтүгү. Кратьер бөлүгүн чөкмө‑жанар тоо тектери, кимберлит туфтары (калындыгы 120 ''м),'' колкосун кимберлит брекчиялары түзөт. Курамында ал­маз өтө көп (орточо өлчөмү 5,5 ''карат/п),'' сапа­ты төмөн майда таштар басымдуу (ромбодо­декаэдр 60%), зергерлик калдыгы 25%ке чейин (1997‑жылга карата массасы 50 караттан аш­кан 7 алмаз өндүрүлүп алынган).<br> | ||
17:27, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЙХАЛ – Якутиядагы алмаздын ири кени; А. ш-на жакын. 1960‑ж. ачылып, 1961‑жылдан карьерден, 1997‑жылдан жер астынан (680 м тереңдикке чейин) казылып алынат. Алгачкы запасы б‑ча Россиядагы эң ири 5 кендин бири. Калган запасы 40‑50 млн карат. Якутия алмаздуу провинциясындагы Далдын‑Алакит кимберлит талаасында жайгашкан. Ордовик, силурдун терриген‑карбонаттуу тоо тектерин жиреп чыккан, татаал конфигурациядагы, дээрлик вертикаль багытындагы кимберлит түтүгү. Кратьер бөлүгүн чөкмө‑жанар тоо тектери, кимберлит туфтары (калындыгы 120 м), колкосун кимберлит брекчиялары түзөт. Курамында алмаз өтө көп (орточо өлчөмү 5,5 карат/п), сапаты төмөн майда таштар басымдуу (ромбододекаэдр 60%), зергерлик калдыгы 25%ке чейин (1997‑жылга карата массасы 50 караттан ашкан 7 алмаз өндүрүлүп алынган).