Difference between revisions of "АДЫЛ баатыр"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
Адыл баатыр, Субан уулу(болжолу 1815/20–1860) – 19‑к‑дын орто чениндеги түндүк кыргыз урууларынын саясий чөйрөсүндөгү таасирдүү инсан; баатыр. Атасы Субан Ныязбек уулу атактуу «Ныязбектин сегиз бегинин» бири болгон. А. ''Ормон ханда'' аскер башчысы катары кызмат кылып, баатыр атка конгон. 1847‑ж. Кенесары Касым уулунун баскынчылык м‑н келген колуна каршы согушта көрсөткөн эрдиктери м‑н белгилүү болгон. 1855–59‑ж. бугу м‑н сарыбагыш урууларынын чабышына катышкан. Орус бийлигине моюн сунбагандыктан 1860‑жылдын жазында Ысык‑Көлгө келген капитан Венюковдун жазалоочу кошууну тарабынан Ысык‑Көлдүн күнгөйүндө туткундалып, Верный чебине камалган, ошол жерде өлгөн. Сөөгү Ат‑Башыдагы Кара‑Коюн деген жерге коюлуп,күмбөз тургузулган.<br> ''Р. Жолдошов.'' <br> | |||
10:11, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
Адыл баатыр, Субан уулу(болжолу 1815/20–1860) – 19‑к‑дын орто чениндеги түндүк кыргыз урууларынын саясий чөйрөсүндөгү таасирдүү инсан; баатыр. Атасы Субан Ныязбек уулу атактуу «Ныязбектин сегиз бегинин» бири болгон. А. Ормон ханда аскер башчысы катары кызмат кылып, баатыр атка конгон. 1847‑ж. Кенесары Касым уулунун баскынчылык м‑н келген колуна каршы согушта көрсөткөн эрдиктери м‑н белгилүү болгон. 1855–59‑ж. бугу м‑н сарыбагыш урууларынын чабышына катышкан. Орус бийлигине моюн сунбагандыктан 1860‑жылдын жазында Ысык‑Көлгө келген капитан Венюковдун жазалоочу кошууну тарабынан Ысык‑Көлдүн күнгөйүндө туткундалып, Верный чебине камалган, ошол жерде өлгөн. Сөөгү Ат‑Башыдагы Кара‑Коюн деген жерге коюлуп,күмбөз тургузулган.
Р. Жолдошов.