Difference between revisions of "АДМИРАЛТЕЙСТВО"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДМИРАЛТЕЙСТВО''' – 1) 17–19‑к. Франция, Нидерланд, Испания ж. б. өлкөлөрдөгү аскер-деңиз күчтөрүн башкаруучу ж‑a командачылык кылуучу жогорку орган. Учурда А. Улуу Британияда гана сакталып калган. Ал 1690‑ж. негизделип, 1869‑жылдан А‑нун биринчи лорду жетектейт (ал ошол эле учурда деңиз иштери б‑ча министрдин да кызматын аткарат); 2) Санкт-Петербургдагы имарат; орус империясынын эң көрүнүктүү эстелиги. Ал Петр Iнин өзүнүн чиймеси б‑ча Балтика деңизинде Неванын жээгине биринчи орус кеме куруучу верфи катары 1704‑ж. салынган. 1711‑ж. башкы фасаддын ортосуна шпили м‑н мунара тургузулган. 1732–38‑ж. таш м‑н кайра курган кезде (арх. И. К. Коробов) мунаранын бийикт. 72 | '''АДМИРАЛТЕЙСТВО''' – 1) 17–19‑к. Франция, Нидерланд, Испания ж. б. өлкөлөрдөгү аскер-деңиз күчтөрүн башкаруучу ж‑a командачылык кылуучу жогорку орган. Учурда А. Улуу Британияда гана сакталып калган. Ал 1690‑ж. негизделип, 1869‑жылдан А‑нун биринчи лорду жетектейт (ал ошол эле учурда деңиз иштери б‑ча министрдин да кызматын аткарат); 2) Санкт-Петербургдагы имарат; орус империясынын эң көрүнүктүү эстелиги. Ал Петр Iнин өзүнүн чиймеси б‑ча Балтика деңизинде Неванын жээгине биринчи орус кеме куруучу верфи катары 1704‑ж. салынган. 1711‑ж. башкы фасаддын ортосуна шпили м‑н мунара тургузулган. 1732–38‑ж. таш м‑н кайра курган кезде (арх. И. К. Коробов) мунаранын бийикт. 72 ''м''ге жетип, шаардын арх‑ралык композициясынын ролун күчөткөн. 1806–23‑ж. арх. А. Д. Захаровдун долбоору б‑ча П түрүндөгү планды сактоо м‑н чоң курулуштар тургузулган. Анын скульптуралык кооздук жасалгаларын В. И. Демут‑Малиновский, Ф. Ф. Щедрин, И. И. Теребенёв, С. С. Пименов ж. б. аткарышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында имарат жабыркаган, 1945–56‑ж. калыбына келтирилген (архитектор В. И. Пилявский, скульптор Я. А. Троупянский, худ. В. И. Щербакова). А. ансамбли Санкт‑Петербургдун санжыргаларынын бири.<br> Ад.: ''Пилявский В. И.'' Главное адмиралтейство в Ленинграде. Л.; М., 1945; ''Сашонко В. Н.'' Адмиралтейство. 3‑изд. Л., 1982.<br> |
09:53, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АДМИРАЛТЕЙСТВО – 1) 17–19‑к. Франция, Нидерланд, Испания ж. б. өлкөлөрдөгү аскер-деңиз күчтөрүн башкаруучу ж‑a командачылык кылуучу жогорку орган. Учурда А. Улуу Британияда гана сакталып калган. Ал 1690‑ж. негизделип, 1869‑жылдан А‑нун биринчи лорду жетектейт (ал ошол эле учурда деңиз иштери б‑ча министрдин да кызматын аткарат); 2) Санкт-Петербургдагы имарат; орус империясынын эң көрүнүктүү эстелиги. Ал Петр Iнин өзүнүн чиймеси б‑ча Балтика деңизинде Неванын жээгине биринчи орус кеме куруучу верфи катары 1704‑ж. салынган. 1711‑ж. башкы фасаддын ортосуна шпили м‑н мунара тургузулган. 1732–38‑ж. таш м‑н кайра курган кезде (арх. И. К. Коробов) мунаранын бийикт. 72 мге жетип, шаардын арх‑ралык композициясынын ролун күчөткөн. 1806–23‑ж. арх. А. Д. Захаровдун долбоору б‑ча П түрүндөгү планды сактоо м‑н чоң курулуштар тургузулган. Анын скульптуралык кооздук жасалгаларын В. И. Демут‑Малиновский, Ф. Ф. Щедрин, И. И. Теребенёв, С. С. Пименов ж. б. аткарышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында имарат жабыркаган, 1945–56‑ж. калыбына келтирилген (архитектор В. И. Пилявский, скульптор Я. А. Троупянский, худ. В. И. Щербакова). А. ансамбли Санкт‑Петербургдун санжыргаларынын бири.
Ад.: Пилявский В. И. Главное адмиралтейство в Ленинграде. Л.; М., 1945; Сашонко В. Н. Адмиралтейство. 3‑изд. Л., 1982.