Difference between revisions of "АВТОУЧКУЧ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
,  а в т о п и л о т (''авто ... ''ж-а фр. pilote ‒ руль кармоочу, тизгинчи) ‒ учуучу аппараттардын (самолёт, вертолёт, башкарылуучу снаряд ж. б.) учушун автоматтык төрдө башкаруучу түзүлмө. Ал самолёттун учушуна ж-а ылдамдыгына байкоо жүргүзөт, пландалган параметрден кандайдыр четтөөлөр болгондо аларды жөнгө салат. Анын системасы ар түрдүү болуп, канатты теӊ салмакта кармоочу жөнөкөй түзүлүштөн компьютердик түзүлүшкө чейин болот. Аны түзүүнү ж-а схемасын орус окумуштуусу ''К. Э. Циолковский'' сунуш кылган (1898). А. м-н автоматтык башкарылуучу алгачкы самолётту 1914-ж. Парижде Бүткүлдүйнөлүк көргөзмөгө Сперри (АКШ) фирмасы алып чыккан. Ал адегенде самолёттун бурчтук кыймылын турукташтыруу үчүн гана пайдаланылса, кийин ал учкучсуз эле самолёттун белгилүү учуу режимин кармоого мүмкүндүк берген. СССРде алгачкы А. 1932-ж. жасалган. А-тун иштөө схемасы сүрөттө көрсөтүлгөн. Типтүү А-та учуунун алдын-ала эсептелген параметри самолёттун компьютерине (1) киргизилет. Учуп чыккандан кийин А. ишке кирет. Эки дисплей (2) самолёттун абалын, анын белгиленген маршрутун ж-а бийиктигин көр
'''АВТОУЧКУЧ''',  а в т о п и л о т (''авто ... ''ж-а фр. pilote ‒ руль кармоочу, тизгинчи) ‒ учуучу аппараттардын (самолёт, вертолёт, башкарылуучу снаряд ж. б.) учушун автоматтык төрдө башкаруучу түзүлмө. Ал самолёттун учушуна ж-а ылдамдыгына байкоо жүргүзөт, пландалган параметрден кандайдыр четтөөлөр болгондо аларды жөнгө салат. Анын системасы ар түрдүү болуп, канатты теӊ салмакта кармоочу жөнөкөй түзүлүштөн компьютердик түзүлүшкө чейин болот. Аны түзүүнү ж-а схемасын орус окумуштуусу ''К. Э. Циолковский'' сунуш кылган (1898). А. м-н автоматтык башкарылуучу алгачкы самолётту 1914-ж. Парижде Бүткүлдүйнөлүк көргөзмөгө Сперри (АКШ) фирмасы алып чыккан. Ал адегенде самолёттун бурчтук кыймылын турукташтыруу үчүн гана пайдаланылса, кийин ал учкучсуз эле самолёттун белгилүү учуу режимин кармоого мүмкүндүк берген. СССРде алгачкы А. 1932-ж. жасалган. А-тун иштөө схемасы сүрөттө көрсөтүлгөн. Типтүү А-та учуунун алдын-ала эсептелген параметри самолёттун компьютерине (1) киргизилет. Учуп чыккандан кийин А. ишке кирет. Эки дисплей (2) самолёттун абалын, анын белгиленген маршрутун ж-а бийиктигин көр
[[File:АВТОУЧКУЧ5.png| thumb |Автоучкучтун түзүлүш схемасы.]]
[[File:АВТОУЧКУЧ5.png| thumb |Автоучкучтун түзүлүш схемасы.]]
сөтөт. Самолёттун сырткы бетиндеги кичине капкактардын (3) абалынын өзгөрүшү анын багытындагы анча-мынча өзгөрүү тууралуу билдирип, компьютерлерге берип турат. Самолёт тун абалын аныктоо үчүн навигациянын глобалдуу системасы (4) пайдаланылат. Тулкунун жогорку бөлүгүндө кабыл алгыч (5) жайгашкан. Компьютерлер маршрутка байкоо жүргүзүп турат ж-а жапкычтар (10), элерондор (9), бийиктик рулдары (8), руль (7) м-н башкарыла турган сервомеханизмдердин (6) таасиринен зарыл өзгөрүүлөрдү автоматтык түрдө жүргүзөт. Керек учурда учкуч А-ту өчүрүп, кол м-н башкарууга (11) өтөт.

11:25, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АВТОУЧКУЧ, а в т о п и л о т (авто ... ж-а фр. pilote ‒ руль кармоочу, тизгинчи) ‒ учуучу аппараттардын (самолёт, вертолёт, башкарылуучу снаряд ж. б.) учушун автоматтык төрдө башкаруучу түзүлмө. Ал самолёттун учушуна ж-а ылдамдыгына байкоо жүргүзөт, пландалган параметрден кандайдыр четтөөлөр болгондо аларды жөнгө салат. Анын системасы ар түрдүү болуп, канатты теӊ салмакта кармоочу жөнөкөй түзүлүштөн компьютердик түзүлүшкө чейин болот. Аны түзүүнү ж-а схемасын орус окумуштуусу К. Э. Циолковский сунуш кылган (1898). А. м-н автоматтык башкарылуучу алгачкы самолётту 1914-ж. Парижде Бүткүлдүйнөлүк көргөзмөгө Сперри (АКШ) фирмасы алып чыккан. Ал адегенде самолёттун бурчтук кыймылын турукташтыруу үчүн гана пайдаланылса, кийин ал учкучсуз эле самолёттун белгилүү учуу режимин кармоого мүмкүндүк берген. СССРде алгачкы А. 1932-ж. жасалган. А-тун иштөө схемасы сүрөттө көрсөтүлгөн. Типтүү А-та учуунун алдын-ала эсептелген параметри самолёттун компьютерине (1) киргизилет. Учуп чыккандан кийин А. ишке кирет. Эки дисплей (2) самолёттун абалын, анын белгиленген маршрутун ж-а бийиктигин көр

Автоучкучтун түзүлүш схемасы.