Difference between revisions of "АБДЫРАХМАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
Tag: New redirect
 
1 -сап: 1 -сап:
#REDIRECT [[АБДЫРАХМАН Кучак уулу]]
 
 
'''АБДЫРАХМАН''' Кучак уулу (болжолу 1739–20. 6.1789) – элчи; сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр орус император айымы Екатерина IIге жиберген элчилердин башчысы. Элчилер 1785-ж. сапарга аттанып, Омск - Петропавловск - Челябинск - Екатеринбург - Москва - Петербург маршруту б-ча жол кезишкен.1785-ж. 15-мартта Петербург ш-нда Екатерина II элчилерди салтанаттуу кабыл алган. А. Кучак уулу ж-а Шергазы Екатерина IIге  Атаке бийдин атынан жазылган катты, үч илбирс, беш сүлөөсүн терисин ж-а бир кул тартуулашкан. Катта кыргыз бийинин орус император айымын урматтаары, кыргыз жери аркылуу орус кербендеринин ээн-эркин өтүшүнө, алардын коопсуздугун коргоого кепил болоору тууралуу айтылган. Екатерина II жооп катары Атаке баатырга 800 рубль күмүш акча белек берип жиберген, А-га 100 рубль берген. Элчилер кайрадан Москва - Казань - Уфа - Челябинск - Пешан - Петропавловск аркылуу кайтып, 1789-ж. 2-январда Омскиге жетишкен. Бул жерден ал Атаке баатырга «элчиликтен ийгиликтүү кайттым'''»''' деп кат жөнөткөн.  Ал 1789-ж. 20-июнда Петропавловск ш-ндагы мечитте дүйнөдөн кайткан.<br>

10:41, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы


АБДЫРАХМАН Кучак уулу (болжолу 1739–20. 6.1789) – элчи; сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр орус император айымы Екатерина IIге жиберген элчилердин башчысы. Элчилер 1785-ж. сапарга аттанып, Омск - Петропавловск - Челябинск - Екатеринбург - Москва - Петербург маршруту б-ча жол кезишкен.1785-ж. 15-мартта Петербург ш-нда Екатерина II элчилерди салтанаттуу кабыл алган. А. Кучак уулу ж-а Шергазы Екатерина IIге Атаке бийдин атынан жазылган катты, үч илбирс, беш сүлөөсүн терисин ж-а бир кул тартуулашкан. Катта кыргыз бийинин орус император айымын урматтаары, кыргыз жери аркылуу орус кербендеринин ээн-эркин өтүшүнө, алардын коопсуздугун коргоого кепил болоору тууралуу айтылган. Екатерина II жооп катары Атаке баатырга 800 рубль күмүш акча белек берип жиберген, А-га 100 рубль берген. Элчилер кайрадан Москва - Казань - Уфа - Челябинск - Пешан - Петропавловск аркылуу кайтып, 1789-ж. 2-январда Омскиге жетишкен. Бул жерден ал Атаке баатырга «элчиликтен ийгиликтүү кайттым» деп кат жөнөткөн. Ал 1789-ж. 20-июнда Петропавловск ш-ндагы мечитте дүйнөдөн кайткан.