Difference between revisions of "«АЛТЫН АДАМ»"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
– Иле Ала-Тоосунун түн. этегинде жайгашкан Эшик (казакча Есик) Ысык көрүстөнүнөн табылган эрте темир дооруна (б. з. ч. 5–4-к.) таандык археол. табылга. Алматы ш-нын чыгыш тарабында 50 ''км'' аралыкта жайгашкан көрүстөндөр тобу (40тан ашык коргон) 1969–70-ж. К. ''Акишев'' тарабынан ачылып, изилденген. Алардын ичинен диаметри 60 ''м,'' бийикт. 6 ''м'' болгон дөбөнүн алдынан эки көрүстөн табылган. Анын бири мурда эле тонолуп калган. Ал эми көлөмү 3,3x1,9 ''м,'' бийикт. 1,5 ''м'' болгон экинчи көрүстөндөн 18–25 жаштар чамасындагы европеоиддик ж-а монголоиддик аралаш расалык белгилери бар, алтын жасалга кийим м-н коюлган жоокер жигиттин табыты табылган. Ал карагайдан жасалган табытта, башы батышка каратылып жаткырылып, жанына согуш куралдары, өздүк буюмдары кошо коюлган. Буюмдар күмүштөн, жезден, чоподон, жыгачтан жасалган. Баш кийими алтындан жасалган аркар статуэтка ж-а рельефтүү, скифтик стилде айбанаттар түшүрүлгөн илбирс, жылкы, теке, куш ж-а геом. фигуралар м-н жасалгаланган. Кийимдин жээктери кабылан кейиптүү басып түшүрүү ыкмасы м-н даярдалган алтын бастырма кооздуктар м-н жээктелип ж-а түрдүү формадаты алтын кооздук-бастырмалар м-н жасалганы
'''«АЛТЫН АДАМ»''' – Иле Ала-Тоосунун түн. этегинде жайгашкан Эшик (казакча Есик) Ысык көрүстөнүнөн табылган эрте темир дооруна (б. з. ч. 5–4-к.) таандык археол. табылга. Алматы ш-нын чыгыш тарабында 50 ''км'' аралыкта жайгашкан көрүстөндөр тобу (40тан ашык коргон) 1969–70-ж. К. ''Акишев'' тарабынан ачылып, изилденген. Алардын ичинен диаметри 60 ''м,'' бийикт. 6 ''м'' болгон дөбөнүн алдынан эки көрүстөн табылган. Анын бири мурда эле тонолуп калган. Ал эми көлөмү 3,3x1,9 ''м,'' бийикт. 1,5 ''м'' болгон экинчи көрүстөндөн 18–25 жаштар чамасындагы европеоиддик ж-а монголоиддик аралаш расалык белгилери бар, алтын жасалга кийим м-н коюлган жоокер жигиттин табыты табылган. Ал карагайдан жасалган табытта, башы батышка каратылып жаткырылып, жанына согуш куралдары, өздүк буюмдары кошо коюлган. Буюмдар күмүштөн, жезден, чоподон, жыгачтан жасалган. Баш кийими алтындан жасалган аркар статуэтка ж-а рельефтүү, скифтик стилде айбанаттар түшүрүлгөн илбирс, жылкы, теке, куш ж-а геом. фигуралар м-н жасалгаланган. Кийимдин жээктери кабылан кейиптүү басып түшүрүү ыкмасы м-н даярдалган алтын бастырма кооздуктар м-н жээктелип ж-а түрдүү формадаты алтын кооздук бастырмалар м-н жасалганы аныкталды. Жоокер териден жасалган жакасыз, кыска кемсел кийгизип жаткырылган. Кээ бир сакталган айрындыларына караганда ал кызыл  же күрөң түскө боёлуп, сыртынан алтын бастырмалар (бардыгы 4000ге жакын бастырма) м-н текши кооздолгон. О. эле куру, маасы-өтүгү дагы алтын бастырмалар м-н капталган.[[File:«АЛТЫН АДАМ»_8.png | thumb | Алтын жасалгалуу жоокер кийими К. А. Акишевдин реконструкциясы.]]
аныкталды. Жоокер териден жасалган жакасыз, кыска кемсел кийгизип жаткырылган. Кээ бир
сакталган айрындыларына караганда ал кызыл  же күрөң түскө боёлуп, сыртынан алтын бастырмалар (бардыгы 4000ге жакын бастырма) м-н текши кооздолгон. О. эле куру, маасы-өтүгү
дагы алтын бастырмалар м-н капталган.
[[File:«АЛТЫН АДАМ»_8.png | thumb | Алтын жасалгалуу
жоокер кийими К. А.
Акишевдин реконструкциясы.]]
Күмүш табакчада 26 белгиден турган эки сап рун тамгаларына окшош жазуу бар. Андагы тамгалардын ичинен 8-9у арамей жазуусундагы тамгаларга окшошуп кетет. Айрым изилдөөчүлөрдүн болжолунда, Жети-Суу сактары арамей жазуусунун негизинде түзүлгөн алфавитти колдонушкан. Түрколог А. Аманжоловдун пикири б-ча бул жазуу байыркы түрк тилинде жазылган. Ал тилде Жети-Суунун алгачкы көчмөндөрү сүйлөгөн болушу ыктымал деп айтылат. Бул табылга б. з. ч. 5–4-к-да жашаган байыркы сак элинин тарыхы, мад-ты, көркөм өнөрү, рухий мад-ты б-ча маалыматтарды берет. Алтын кооздуктарды жерг. уздар жасаган. Ысык-Көлдүн Барскоон айылынан ушуга окшош колодон жасалган кооздуктар табылган ж-а Барскоондо табылган кабылан сымал жаныбар баштуу бастырма бири биринен жасалыш ыкмасы б-ча эч айырмаланбайт.<br>
Күмүш табакчада 26 белгиден турган эки сап рун тамгаларына окшош жазуу бар. Андагы тамгалардын ичинен 8-9у арамей жазуусундагы тамгаларга окшошуп кетет. Айрым изилдөөчүлөрдүн болжолунда, Жети-Суу сактары арамей жазуусунун негизинде түзүлгөн алфавитти колдонушкан. Түрколог А. Аманжоловдун пикири б-ча бул жазуу байыркы түрк тилинде жазылган. Ал тилде Жети-Суунун алгачкы көчмөндөрү сүйлөгөн болушу ыктымал деп айтылат. Бул табылга б. з. ч. 5–4-к-да жашаган байыркы сак элинин тарыхы, мад-ты, көркөм өнөрү, рухий мад-ты б-ча маалыматтарды берет. Алтын кооздуктарды жерг. уздар жасаган. Ысык-Көлдүн Барскоон айылынан ушуга окшош колодон жасалган кооздуктар табылган ж-а Барскоондо табылган кабылан сымал жаныбар баштуу бастырма бири биринен жасалыш ыкмасы б-ча эч айырмаланбайт.<br>
                                        ''К. Табалдиев.''<br>
 
''К. Табалдиев.''<br>

16:00, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

«АЛТЫН АДАМ» – Иле Ала-Тоосунун түн. этегинде жайгашкан Эшик (казакча Есик) Ысык көрүстөнүнөн табылган эрте темир дооруна (б. з. ч. 5–4-к.) таандык археол. табылга. Алматы ш-нын чыгыш тарабында 50 км аралыкта жайгашкан көрүстөндөр тобу (40тан ашык коргон) 1969–70-ж. К. Акишев тарабынан ачылып, изилденген. Алардын ичинен диаметри 60 м, бийикт. 6 м болгон дөбөнүн алдынан эки көрүстөн табылган. Анын бири мурда эле тонолуп калган. Ал эми көлөмү 3,3x1,9 м, бийикт. 1,5 м болгон экинчи көрүстөндөн 18–25 жаштар чамасындагы европеоиддик ж-а монголоиддик аралаш расалык белгилери бар, алтын жасалга кийим м-н коюлган жоокер жигиттин табыты табылган. Ал карагайдан жасалган табытта, башы батышка каратылып жаткырылып, жанына согуш куралдары, өздүк буюмдары кошо коюлган. Буюмдар күмүштөн, жезден, чоподон, жыгачтан жасалган. Баш кийими алтындан жасалган аркар статуэтка ж-а рельефтүү, скифтик стилде айбанаттар түшүрүлгөн илбирс, жылкы, теке, куш ж-а геом. фигуралар м-н жасалгаланган. Кийимдин жээктери кабылан кейиптүү басып түшүрүү ыкмасы м-н даярдалган алтын бастырма кооздуктар м-н жээктелип ж-а түрдүү формадаты алтын кооздук бастырмалар м-н жасалганы аныкталды. Жоокер териден жасалган жакасыз, кыска кемсел кийгизип жаткырылган. Кээ бир сакталган айрындыларына караганда ал кызыл же күрөң түскө боёлуп, сыртынан алтын бастырмалар (бардыгы 4000ге жакын бастырма) м-н текши кооздолгон. О. эле куру, маасы-өтүгү дагы алтын бастырмалар м-н капталган.

Алтын жасалгалуу жоокер кийими К. А. Акишевдин реконструкциясы.

Күмүш табакчада 26 белгиден турган эки сап рун тамгаларына окшош жазуу бар. Андагы тамгалардын ичинен 8-9у арамей жазуусундагы тамгаларга окшошуп кетет. Айрым изилдөөчүлөрдүн болжолунда, Жети-Суу сактары арамей жазуусунун негизинде түзүлгөн алфавитти колдонушкан. Түрколог А. Аманжоловдун пикири б-ча бул жазуу байыркы түрк тилинде жазылган. Ал тилде Жети-Суунун алгачкы көчмөндөрү сүйлөгөн болушу ыктымал деп айтылат. Бул табылга б. з. ч. 5–4-к-да жашаган байыркы сак элинин тарыхы, мад-ты, көркөм өнөрү, рухий мад-ты б-ча маалыматтарды берет. Алтын кооздуктарды жерг. уздар жасаган. Ысык-Көлдүн Барскоон айылынан ушуга окшош колодон жасалган кооздуктар табылган ж-а Барскоондо табылган кабылан сымал жаныбар баштуу бастырма бири биринен жасалыш ыкмасы б-ча эч айырмаланбайт.

К. Табалдиев.