Difference between revisions of "«АЛТАН ТОБЧИ»"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''«АЛТАН ТОБЧИ»''' (Алтын топчу) – о. кылымдарга таандык монгол тилиндеги кол жазма. Кол жазманын толук аталышы – «Хандардын теги тууралуу алтын санжыра». Монголдордун үч ири тарыхый чыгармаларынын бири («Асыл санжыра», «Монголдордун купуя тарыхы»). «А. т-нин» эки нускасы бар. Аларды бири-биринен айырмалоо үчүн «Улуу алтан тобчи», «Кичи алтан тобчи» деп шарттуу түрдө аташат. Чыгарманын алгачкы нускасынын автору белгисиз. Ал болжол м-н 17-к-дын башында жазылган. Монголдорго будда дини таралгандан кийин жазылгандыктан, негизинен диний мүнөздөгү чыгарма. Анда Будда дининин дүйнөдө пайда болушу ж-а адам баласынын жаралышы тууралуу мифтик баяндар, о. эле Индия, Тибеттин алгачкы башкаруучулары тууралуу уламыштар м-н катар монголдордун тарыхы да берилген. Чыгармадагы ''Чынгыз хан, Үгөдөй,'' Хубилайдан'' тартып, Линданханга чейинки 270'' жыл ичиндеги окуяларды баяндаган бөлүгү тарых илими үчүн өзгөчө баалуу. «А. т-нин» экинчи нускасы монгол ламасы Лубсан Данзан тарабынан 1240-ж. жазылган «Монголдордун купуя тарыхындагы» чыгармада енисейлик кыргыздар, ойроттор, кыпчактар ж-дө да маалыматтар кездешет.<br> |
15:52, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
«АЛТАН ТОБЧИ» (Алтын топчу) – о. кылымдарга таандык монгол тилиндеги кол жазма. Кол жазманын толук аталышы – «Хандардын теги тууралуу алтын санжыра». Монголдордун үч ири тарыхый чыгармаларынын бири («Асыл санжыра», «Монголдордун купуя тарыхы»). «А. т-нин» эки нускасы бар. Аларды бири-биринен айырмалоо үчүн «Улуу алтан тобчи», «Кичи алтан тобчи» деп шарттуу түрдө аташат. Чыгарманын алгачкы нускасынын автору белгисиз. Ал болжол м-н 17-к-дын башында жазылган. Монголдорго будда дини таралгандан кийин жазылгандыктан, негизинен диний мүнөздөгү чыгарма. Анда Будда дининин дүйнөдө пайда болушу ж-а адам баласынын жаралышы тууралуу мифтик баяндар, о. эле Индия, Тибеттин алгачкы башкаруучулары тууралуу уламыштар м-н катар монголдордун тарыхы да берилген. Чыгармадагы Чынгыз хан, Үгөдөй, Хубилайдан тартып, Линданханга чейинки 270 жыл ичиндеги окуяларды баяндаган бөлүгү тарых илими үчүн өзгөчө баалуу. «А. т-нин» экинчи нускасы монгол ламасы Лубсан Данзан тарабынан 1240-ж. жазылган «Монголдордун купуя тарыхындагы» чыгармада енисейлик кыргыздар, ойроттор, кыпчактар ж-дө да маалыматтар кездешет.