Difference between revisions of "«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ»"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ»''' ‒ ''алгачкы коомдун'' башталышындагы адамдар жамаатынын шарттуу аталышы. Алар төмөнкү ж-а ортоңку палеолит мезгилинде жашап, архантроп (питекантроп, синантроп) ж-а палеоантроп (неандерталь) адамдары пайда болгон доорго туура келет. Бул мезгилде адам баласы айбандар дүйнөсүнөн толук бөлүнүп чыгып, азыркы адамдардын биол. түзүлүшү калыптанган. Жыйноочулук, аӊчылык м-н кесиптенишип, таштан, жыгачтан, кийинчерээк сөөктөн одоно түрдө куралдарды (чокмор) жасашкан. Алар жырткыч жаныбарлардан же башка топтогу адамдардан коргонуу үчүн топ-топ (25‒40тай адам) болуп, жылуу жерлерде, үӊкүрлөрдө жашашкан. | |||
[[File:«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ»42.png | thumb | Алгачкы адамдардын үӊкүр тургун жайы (Кетмен-Дөбө өрөөнү).]] | [[File:«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ»42.png | thumb | Алгачкы адамдардын үӊкүр тургун жайы (Кетмен-Дөбө өрөөнү).]] | ||
Отту табигый түрүндө гана пайдаланып, тамакты чала бышырып жегенди үйрөнүшкөн, бирок от жагууну билишкен эмес. Бара-бара алардын ичиндеги башаламан никесиз мамилелерге тыюу салынып, алгачкы коомдун башталышы болгон уруу келип чыгат. Бул доордун таш куралдары Индонезия, Кытай, Өзбекстан, о. эле Кырг-ндын Нарын өрөөнүндөгү Онарча суусу, Ысык-Көлдүн Балыкчы ш., Тосор өзөнү, Ош аймагынын Кожо-Бакырган-Сай, Сасык-Үӊкүр ж. б. жерлеринен табылууда.<br> | Отту табигый түрүндө гана пайдаланып, тамакты чала бышырып жегенди үйрөнүшкөн, бирок от жагууну билишкен эмес. Бара-бара алардын ичиндеги башаламан никесиз мамилелерге тыюу салынып, алгачкы коомдун башталышы болгон уруу келип чыгат. Бул доордун таш куралдары Индонезия, Кытай, Өзбекстан, о. эле Кырг-ндын Нарын өрөөнүндөгү Онарча суусу, Ысык-Көлдүн Балыкчы ш., Тосор өзөнү, Ош аймагынын Кожо-Бакырган-Сай, Сасык-Үӊкүр ж. б. жерлеринен табылууда.<br> |
15:50, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ» ‒ алгачкы коомдун башталышындагы адамдар жамаатынын шарттуу аталышы. Алар төмөнкү ж-а ортоңку палеолит мезгилинде жашап, архантроп (питекантроп, синантроп) ж-а палеоантроп (неандерталь) адамдары пайда болгон доорго туура келет. Бул мезгилде адам баласы айбандар дүйнөсүнөн толук бөлүнүп чыгып, азыркы адамдардын биол. түзүлүшү калыптанган. Жыйноочулук, аӊчылык м-н кесиптенишип, таштан, жыгачтан, кийинчерээк сөөктөн одоно түрдө куралдарды (чокмор) жасашкан. Алар жырткыч жаныбарлардан же башка топтогу адамдардан коргонуу үчүн топ-топ (25‒40тай адам) болуп, жылуу жерлерде, үӊкүрлөрдө жашашкан.
Отту табигый түрүндө гана пайдаланып, тамакты чала бышырып жегенди үйрөнүшкөн, бирок от жагууну билишкен эмес. Бара-бара алардын ичиндеги башаламан никесиз мамилелерге тыюу салынып, алгачкы коомдун башталышы болгон уруу келип чыгат. Бул доордун таш куралдары Индонезия, Кытай, Өзбекстан, о. эле Кырг-ндын Нарын өрөөнүндөгү Онарча суусу, Ысык-Көлдүн Балыкчы ш., Тосор өзөнү, Ош аймагынын Кожо-Бакырган-Сай, Сасык-Үӊкүр ж. б. жерлеринен табылууда.