Difference between revisions of "АВУАРЛАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 (фр. avoir ‒ мүлк, актив) ‒ 1) банктын чет өлкөлүк банктардын эсебиндеги чет өлкөлүк валютадагы каражаттары (анын кассасы, башка банктардагы эсептер, өтүмдүү баалуу кагаздар, векселдер ж. б.); 2) төлөм документтери (кагаздары) аркылуу жөнөтүүчү, төлөнүп берилүүчү акчанын ар кандай түрү, акча каражаты, баалуу кагаздар (колдогу накталай акча, накталай эмес акча, чектер, векселдер, аккредитивдер). Бул каражаттардын кайсы бир өлкөгө тиешелүү суммасы анын чет өлкөлүк А-ын түзөт да, анын эсебинен төлөмдөр төлөнөт ж-а милдеттенмелер жабылат, өлкөлөр ортосун да төлөм жүгүртүлөт. Дүйнөлүк чарбада жүгүртүүнүн көп бөлүгү АКШ доллары м-н евро түрүндө жүргүзүлгөндүктөн, А. ушул валютада кеӊири колдонулат.