Difference between revisions of "ГВИНЕЯГА кошумча"
м (1 версия) |
new2022_2vol>KadyrM |
(Айырма жок)
|
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
. 2005-ж. бир нече саясий реформалар жүргүзүлдү: оппозициялык партиялардын ишмердүүлүгү кепилденди, шайлоо комиссиясы түзүлдү. 2008-жылдын 22-декабрында президент Л. Конте каза болгондон кийин капитан М. Д. Камара баштаган аскер адамдарынын тобу өлкөдөгү бийликти басып алган. 2009-жылдын 14-августунда жалпы элдик шайлоого даярдык көрүү үчүн 159 адамдан турган Улуттук өткөөл кеңеш (УӨК) түзүлгөн. Камара 2010-ж. президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, шайлоо өткөрүүнү убада кылган. Бул билдирүү нааразылык толкунун жараткан. Сентябрда демонстрациялар куралдын күчү м-н таркатылкан. 2009-ж. борбор шаары Конакриде 150гө жакын адам каза болгон. Бүткүл Батыш Африканы туруксуздаштыруу коркунучун жараткан Г-дагы саясий чыр-чатактарды жөнгө салууга БУУ ж-а ЕБ катышып, Г. бийлигинин аракеттерин айыптаган, Африка Биримдиги (АУ) ж-а ECOWAS Г-ны санкцияларды киргизүү м-н коркутушкан. 3.12.2009-ж. 3-декабрда Камара ишке ашпай калган кол салуудан жаракат алып, чет өлкөгө дарыланууга жөнөтүлгөн. Генерал С. Конате өлкөнүн президенти болуп калган.
2010-ж. май айында жаңы Конституция кабыл алынган. Ошол эле жылы биринчи демокр. президенттик шайлоо өткөрүлүп, Г. элинин биримдиги партиясынын лидери А.Конде 52,5% добуш м-н өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2014-ж. февралда өлкөдө Эбола эпидемиясы башталып, миңден ашуун адам каза болгон. 2015-жылдын март айында президент А.Конде Эбола эпидемиясынан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган. Г-да коррупция олуттуу көйгөй бойдон калууда. Эл аралык Трансперенси Интернэшнл (Transparency International) уюмунун маалыматына ылайык, Г. 2019-ж. коррупция б-ча 180 өлкөнүн тизмесинен 130-орунда турат. 2015-жылдагы президенттик шайлоодо А.Конде өз кызматын сактап калды, болжол м-н добуштардын 58%.ине ээ болгон. 2020-жылдын март айында Г-да конституциялык референдум ж-а парламенттик шайлоо өткөн. Президенттин «Гвинея элинин биримдиги» партиясы добуштардын көпчүлүгүн (114 добуштун 79у) алган. Конституцияны өзгөртүү б-ча референдумда шайлоочулардын 91,59% Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдоп, добушун беришкен, бул азыркы президент Конденин үчүнчү мөөнөткө кайра шайлануусуна мүмкүндүк берет.