Difference between revisions of "Бириккен Араб Эмирликтеринин тарыхына кошумча."

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 1990–91-жылдары Кувейт кризиси мезгилинде БАЭ Ирак м-н дипл. мамилесин үзүп, (1998-ж. калыбына келтирилген), АКШ башында турган Иракка каршы коалицияга катышып, Кувейт бошотулгандан кийин Иракка байланыштуу санкцияларды колдогон. 2003-ж. Иракка каршы эл аралык коалициянын иш-аракетинин жүрүшүндө БАЭ бейтараптуулугун сактап (бирок коалициялык күчтөрдү жайгаштыруу үчүн өз аймагын берген), коалиция аяктагандан кийин Ирактын жаңы өкмөтүнө олуттуу финансылык ж-а гуманитардык жардам көрсөткөн. 1970-жылдардын аягынан БАЭ ар кандай афган моджахеддер топторун колдоп, 1997-ж. Пакистан ж-а Сауд Арабиясы м-н бирге талибан режимин тааныган. 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк ж-а Вашингтондо болгон террордук чабуулдардан кийин БАЭ өкмөтү Талибан кыймылы м-н байланышын үзгөн. 2011-ж. БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрү Катардын аскер бөлүктөрү м-н бирге Ливиядагы жарандык согушка катышкан. БАЭ салттуу түрдө Палестина кыймылын колдойт, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын Израилдин так аткарышын жактайт. БАЭнин коргонуу саясатынын негизги багыты АКШ ж. б. батыш өлкөлөрү м-н союздаштык мамилелерди чыңдоого багытталган. Эмираттардын аймагында АКШ, Франция ж-а Улуу Британиянын бир катар деңиз ж-а аба базалары жайгашкан.