Difference between revisions of "БИЯНХУ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
new2022_2vol>KadyrM |
(Айырма жок)
|
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
Б о Я н х у (болжол м-н 25. 5. 1830, Сияньфу, Кытай — 26. 7. 1882, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу обл., Токмок уезди, Пишпек) – 1862–77-ж. Цинь бийлигине каршы күрөшкөн дунгандар (хуэйцзу элинин) көтөрүлүшүнүн лидерлеринин бири. Кашкарда Эюб Мухаммед деген ат м-н белгилүү. Шэньси провинциясындагы Сиань ш-на жакын жерде жашаган айылдык округдун аксакалы үй-бүлөсүнөн чыккан. 1862-жылдан Кытайдын Шэньси ж-а Ганьсу провинцияларында хуэйцзулардын куралдуу көтөрүлүштөрүнө катышкан. 1868-жылдан дунгандар козголоңдорун жетектеп, эл ичинде "Тигр" деген титулга ээ болгон. 1872-ж-дын аягы – 1873-ж-дын башында Б. Синьцзяндагы маньчжур аскерлерине каршы уйгурлардын көтөрүлүшүнө катышкан. 1877-ж. көтөрүлүш Цин армиясынан жеңилип, Б. 5 миң адамы м-н качып, Торугарт ашуусу аркылуу Кыргызстанга өткөн. Кытай бийлигинин Биянхуну кайтаруу талабын Россия өкмөтү канааттандырган эмес. Учурда урпактары Кыргызстандын Ананьево айылында жашайт.