Difference between revisions of "БАЙБОЛОВ Кубатбек Калбекович"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
new2022_2vol>KadyrM |
(Айырма жок)
|
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
Кубатбек Калбекович (2. 1. 1952-ж.т., азыркы Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Чоң-Арык айылы) – милициянын генерал-лейтенанты (2010). 2-класстагы мамл. кеңешчи. КМУнун тарых ф-тетин (1977), СССР Мамл. коопсуздук кызматынын жогорку курсун (1979), СССР Мамл. коопсуздук кызматынын Кызыл Туулуу ин-тунун Ташкенттеги филиалын (1983), КМУУнун юрид. ф-тетин (1998), И. Арабаев атн. КМПУнун экономика ф-тетин (2000) бүткөн. 1977–78-ж. Фрунзе ш-ндагы № 64 орто мектебинде тарых сабагынын мугалими, 1978–92-ж. СССР Мамл. коопсуздук кызматынын органдарында кызматкер, 1983–84-ж. Афганистандагы терроризмге ж-а жер астындагы бандиттик түзүлүштөргө каршы күрөшүү б-ча СССР Мамлекеттик маалымат кызматы башкармалыгынын башчысынын кеңешчиси, 1989–91-ж. СССР Мамл. коопсуздук кызматынын биринчи Башкы башкармалыгынын (тышкы чалгындоо) борбордук аппаратында жооптуу кызматкер, 1991–92-ж. КРдин Мамл. коопсуздук кызматынын төрагасынын жардамчысы, чалгындоо бөлүмүнүн башчысы, 1992–94-ж. жеке ишкер, 1995–2007-ж. КР Жогорку Кеңештин депутаты (1-, 2-, 3-чакырылыштарынын), 2004–05-ж. КР Жогорку Кеңешинде вице-спикер, 2010-ж. КРдин улуттук коопсуздук мамл. кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, ошол эле учурда Жалал-Абад ж-а Сузак р-ндорунун, Ош обл-нун коменданты, КР Ички иштер министри, 2010–11-ж. КРдин Генералдык прокурору болуп иштеген. КРдин Кылмыш (1997), Жазык-процесстик (1999) ж-а Жазык-аткаруу (1999) кодекстеринин башкы иштеп чыгуучусу ж-а авторлорунун бири. КРдин негизги мыйзамына өзгөртүүлөрдү ж-а толуктоолорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү (2005). "Кыргыз парламентчилери коррупцияга каршы" коомдук бирикмесинин жетекчиси (2005). "Реформа үчүн!" оппозиция кыймылынын штабынын мүчөсү (2006).