Difference between revisions of "ЗАХИ́Р-ШАХ Мухаммед"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 (15. 10. 1914, Кабул – 23. 7. 2007, ошол эле жер) –  Афганистандын королу (1933–73), Мухаммед Надир-шахтын уулу. Кабулдагы "Хабибия" ж-а "Истиклал" лицейлеринде окуп (1920–24), Францияда билимин уланткан (1924–30). Кабулдагы аскердик окуу жайын бүткөн (1931). З. ш-тын башкаруу жылдарында ирригациянын өнүгүшүнө, жол курулушун өнүктүрүүгө көңүл бурган. Аялдарга билим алууга мүмкүнчүлүк берилген. 1964-ж. З. ш. Афганистандын конституциясын жарыялаган. Эл аралык аренада З. ш. саясий ж-а аскердик топторго кошулбоо саясатын жүргүзүп, СССР ж-а АКШ м-н мамилелерди өнүктүрүүгө умтулган. 1970-жылдардын башындагы кургакчылык ж-а массалык ачарчылык туруксуздаштырылган. 1973-ж. генерал М. Дауд жетектеген мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында З. ш. бийликтен кеткен. 2004-ж. ага "Улуттун атасы" наамы ыйгарылган. 728