Difference between revisions of "АВТОПИЛОТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 (авто... дегенден  ж-а франц. Pilote – башкаруучу) – учуучу аппараттарды (самолёт, вертолёт, башкарылма ок, снаряд ж. б. ) автоматтык түрдө башкаруучу түзүлмө. А. идеясын  ж-а  анын схемасын 1898-ж. К. Э. Циолковский  сунуштаган. Учкан  самолётту автоматтык башкаруу  биринчи жолу Сперри фирмасы (АКШ) тарабынан 1914-ж. Парижде өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө сунушталган. СССРде пнематикалык автоматтык система (АВП – 1) 1932-ж. түзүлгөн. Башында А. учуп бараткан самолёттун бурчтук кыймылын (оордук борборунун кыйшайюсун) турукташтыруу үчүн жасалган. Бул учкучту катыштырбай туруп, самолёттун учуу режимин сактоого мүмкүндүк берген. А-тун жакшыртылган  түрү  автоматташтырылган системаны түзүүгө  да  мүмкүндүк берип, учуу учурундагы борб. массанын салыштырма оордугун да автоматтык түрдө башкаруу милдетин аткарат. Бул учуучу аппараттын учкандан тартып конгонго чейинки бардык режимин автоматташтырат. Мындай А. учуучу аппараттын рулун гана эмес, аны кыймылга келтирген моторун да жөнгө салат. Бул ар  кандай  класстагы учуучу аппараттарды (ракета, самолёт, ок, жердин жасалма спутнигин) учкучсуз эле учурууга мүмкүн экендигин көрсөттү.  А-тун  иштеши  үчүн электр энергиясы түрүндөгү  энергия  же   самолёттун майын моторуна түртүп жеткире турган аба  басымы  керек.