Difference between revisions of "АББАСИДДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 – башында халифат (суннит) турган арабдар династиясы (750 – 1258). Алар  өз  уруусун  биз  Муххаммеддин атасынын бир тууганы Аббастан тараганбыз дешип даңазалаган. 747–750-ж. халифатта Омейяддар (шеит) бийлигине карата нааразычылыктар, ич ара мусулмандар ортосунда (артыкча укуктарга ээ болгон араб уруулары м-н жаңыдан исламды кабыл алып, мусулман болгон бөлөк элдердин) чыр-чатак күчөп, акыры ал көтөрүлүшкө айланган. 748-ж. башталган көтөрүлүшчүлөр кыймылы 749-жылдын аягында Хорасанды ж-а Ирандын көпчүлүк аймагын басып алган. 749-ж. 8-ноябрда  Куфа ш-нда Аббасиддердин биринчи халифи – Абу-ль-Аббас көтөрүлүшчүлөр алдында ант берип, өзүн Кең пейил, Берешен – ас Саффах атаган. 750-ж. А. толугу м-н бийликти ээлеп, Омейяддарды  кырып жок кылган. А. активдүү баскынчыл саясат жүргүзбөгөн м-н 751-ж. алардын аскери Таластын жанында Кытайлар м-н болгон салгылашта  кытайлардын батышка карата  экспансиясын токтотууга  жетишкен.  А. династиясынын экинчи халифи – Абу Жафар Абдаллах аль-Мансурдун (754– 775) тушунда халифаттын борбору Сириядан Иракка  көчүрүлүп (762-ж.), Тигр дарыясынын боюна жаңы борбор – Багдад ш. курулуп, дүйнөлүк цивилизациянын борборуна, халифат  болсо  Түн. Африкадан Амур дарыясына чейинки эбегейсиз аймакты камтыган Араб империясына айланган. Бул учурда арабдардын  бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн  артыкчылык укуктарынан ажырап, мамлекеттик бийликти башкаруу арабдардын уруу аристократтары м-н сарай чиновниктерине өтүп, халифаттын идеологиясы м-н маданиятында ирандыктардын таасири күчөгөн. Халифатта сасаниддердин мамлекеттик башкаруу формасы кабыл алына баштаган. Бирок, хаифат м-н Византиянын ортосундагы чек ара чыр-чатагы токтогон эмес. Мансур бийлеп турган кезде халифаттын ичинде чыккан көтөрүлүштөр  күч м-н басылып, византиялыктар м-н хазарлардын жортуулдарынын мизи кайтарылып турган.  Аббасиддердин тушунда халифтин түздөн-түз колдоосу м-н курандын тарыхына ж-а андагы шарият мыйзамдарына  кеңири түшүндүрмө берилип, алгачкы тарыхы жазылган.  Халифат айрыкча Харун ар-Рашид (786–809)  ж-а  ал-Мажун (813– 833) башкарган учурларда өтө гүлдөп өнүгүп, Багдад ислам дүйнөсүнүн саясий ж-а  маданий борбору  катары  бүткүл  дүйнөгө  даңазаланып турган.  10-к-дын орто ченинде халифатта  а. ч. өндүрүшү начарлап,  коррупциянын өтө эле күчөп кетиши А. бийлигин алсыратып,  алардын карамагында Багдад, Ортоңку ж-а Төмөнкү Месопатамия (азыркы  Ирак м-н Сириянын аймагы) гана калган. 1055-ж. Багдаддын Сельжуктар бийлигине  өтүшү  А-дин кадыр-баркын бир кыйла жогорулаткан. 12-к-дын орто  ченинде Сельжуктар Ирактын аймагында  өз  алдынча мамлекет түзүүгө жетишкен. Ал монголдор жапрыгына чейин өкүм сүргөн. 1258-ж. Хулагу  хандын аскерлери Багдадды ээлеп,  А-дин акыркы халифи дарга асылгандан кийин, иш жүзүндө халифат биротоло жоюлган. А. өзүнүн диний бийлигин Египетте гана сактап калган. Азыркы  учурда  эл  аралык  айрым  террорчул  топтор  ислам динине жамынып, А. учурундагы халифатты кайра жаратуу үчүн ар кандай айла-амалдарды колдонууда.