Difference between revisions of "АКМАТОВА Эльмира Казакбаевна"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

(1970-ж. т.,  Бишкек)  – биология илимд. доктору  (2013), КРдин  илим ж-а техника б-ча мамл. сыйлыгынын лауреаты.    КММИни (1995), КМУУну (1995), К. И. Срябин атн.  КАЧИни  (2009)  бүтүргөн.    Эмгек жолун    В.И. Ленин атн. з-ддо жашылдандыруучу, кадрлар б-ча адис, ар кайсы  аптекаларда  провизор, аптека башчысы болуп   иштеген. Кыргыз мал чарба, ветеринария ж-а жайыт ИИИде  эл  аралык байланыш  бөлүмүнүн  башчысы;    А.Дүйшеев атн. Кыргыз ветеринария ИИИде  лабор. башчысы, директордун орун басарынын м.а., директору.  Эпизоотология, вирусология, биотехнология илимдери б-ча жетектөөчү окумуштуу.  Анын негизги ил. иштери малдын өтө коркунучтуу ооруларынын эпизоотологиялык  кырдаалын көзөмөлдөө, аларга каршы күрөшүү б-ча иштелмелерди иштеп чыгуу. КР  аймагындагы малдын өтө коркунучтуу жугуштуу ооруларын (канаттуулар тумоосу, кутурма, шарп, бруцеллез) көзөмөлдөө ж-а аларды   алдын алуу үчүн мамл. ж-а эл аралык долбоорлорду иштеп чыгууда ил. жетекчи. КРдин  а. ч. ж-а  билим берүү министрликтеринин ж-а  КУАУнун  Ардак грамоталары  м-н сыйланган. Ил. из.   ишмердүүлүгүндө вет. биотехнологияда ийгиликтүү вет. дарыларды даярдагандыгы үчүн  КРдин илим  ж-а техника б-ча  мамл. сыйлыгына  ээ болгон.Анын   130дан ашык ил. эмг., а. и.   1 монография, 2   окуу китеби, 15 сунуштама, 6 окуу-методикалык окуу куралы ж-а ил. макалалардын,  2 патентгин автору,  30 эл аралык сертификаттын  ээси.   Эмг.:  Продовольственная  безопасность и питание.–Б.,  2014.– 358 с. (в соавт.). Способы культивирования  микроорганизмов: учебно-методическое  пособие по биотехнологии. – Б., 2015.–15 с. (в соавт.).