Difference between revisions of "БАБИРУССА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 (Babyrousa babyrussa) – чочколор тукумундагы сүт эмүүчү.  Уруунун жалгыз түрү.  Дене уз. 90-199  см, жалынан  бийиктиги 65-80 см, салм. 100 кгга жетет. Башы кичине, кулагы кыска.  Жону томпок, буттары салыштырмалуу бийик ж-а ичке. Териси  дээрлик  жылаңач,  күрөң же кара-боз түстө,  сейрек ж-а кыска түк м-н капталган.  Эркегинин   үстүңкү кылкыйма тиши  узун (30 смге чейин),  жогору карай өсүп,  дого сымал өйдө кайрылып өсүп, карган Б-нын   үстүңкү жаак сөөгүнө кирип калат.   Негизинен Сулавеси ж-а ага жакын  аралдарды  мекендейт. Жалгыздан же  саздуу токойдо жашайт, аралдардын ортосун сүзүп өткөнгө жөндөмдүү Негизинен  өсүмдүк м-н азыктанат.  5 ай көтөрүп, 1-2 торопой тууйт. Жергиликтүү калк үй жаныбары катары кармашат. Зоопаркта жакшы көбөйөт, 10 жылга чейин жашайт. Табиятта саны азаюуда.  ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.  (сүрөтү – БРЭ 2-том, 621-бет)