Difference between revisions of "АДАПТАЦИЯЛЫК РАДИАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
117-179>KadyrM
м (1 версия)
1 -сап: 1 -сап:
  түпкү теги бир жаныбарлардан ыңгайлануу эволюциясынын натыйжасында түрдүү топтогу организмдердин пайда болушу. Ал ''табигый тандалуунун'' на тыйжасында болуп, жашоо чөйрөсүнүн түрдүү шартына ыңгайлануунун өрчүшүнө, о. эле анын ресурстарын (жаңы чөйрө, тоют, азык табуу ж. б.) пайдалануу жолдоруна байланыштуу. Таксономиялык топторго кирүүчү организмдер дин өтө көп түрдүүлүгү А. р&#8209;нын натыйжасы бо луп эсептелет. Мис., А. р&#8209;сы плаценталуу сүт эмүүчүлөрдөн курт&#8209;кумурска жечүлөр, кол ка­наттуулар, приматтар, кемирүүчүлөр, коён сы­малдар, ача ж&#8209;а сыңар туяктуулар, жырткыч­тар, кит сымалдар ж. б. түркүмдөрдүн пайда болушуна алып келген. Ал эми жырткыч сүт эмүүчүлөрдөн А. р&#8209;нын жүрүшүнөн суусар сы малдар, аюулар, ит сымалдар, мышык сымал дар ж. б. тукумдар пайда болгон. А. р. түр пайда болуу процесси катары башталып, эволюциянын закон ченеминин бири катары каралат. А. р. концепциясы ''дивергенция'' ж&#8209;дөгү түшүнүктү кеңейтет.<br>
жалпы тектүү  организмдерден  эволюциянын  ынгайлануу  (адаптация)  процессинде ар кандай  топтогу   организмдердин келип чыгышы.  А. р. табигый   (үзүлмө) тандалуунун таасири  м-н  ар кандай чөйрө шарттарына ж-а  анын ресурстарына (жаңы жашоо  шарты,  коргонуу, тоют, азык табуу ж. б.)   ынгайланууга  жараша болот.   А. р-нын   натыйжасы кандай гана таксономиялык  топко  кирген  организмдердин    (ошентип, плаценталуу  (чөптүү) сүт эмүүчүлөрдүн  А. р-сында  курт-кумурскачылар, кол канаттуулар, приматтар, кемирүүчүлөр, коен сымалдар,  сынар-, ача туяктуулар, жырткычтар,   кит сымалдар ж. б. түркүмдөр пайда болгон;  жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн  А. р-сында  өз учурунда  виверралар, кундуз сымалдар, аюулар, жанат сымалдар, ит сымалдар, мышык сымалдар  ж. б. тукумдар келип чыккан)  формаларынын  көбөйүшү  болуп эсептелет. А. р. түр пайда болуу процесси катары башталат  ж-а    кандай гана болбосун  узак  жашаган  организмдер топторунун  тиричилигинде  жүрөт, ошондуктан  ал  эволюциянын закон ченемдүүлүгүнүн  бири   катары каралат. А. р. концепциясы дивергенция ж-дө түшүнүктү (эволюциянын жүрүшүндө  организм  белгилеринин ажырашы)  кеңейтет; бул терминди  орус окумуштуусу  В. О. Ковалевский  (1875; иррадиация деген ат м-н)  ж-а ага байланышпай  туруп  амер. палеонтолог  Г.Ф. Осборн (1915) илимге киргизишкен. (сүрөтү бар,1-том, 212-бет)



09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

– жалпы тектүү  организмдерден  эволюциянын  ынгайлануу  (адаптация)  процессинде ар кандай  топтогу   организмдердин келип чыгышы.   А. р. табигый   (үзүлмө) тандалуунун таасири  м-н   ар кандай чөйрө шарттарына ж-а  анын ресурстарына (жаңы  жашоо   шарты,  коргонуу,  тоют, азык  табуу  ж.  б.)   ынгайланууга   жараша болот.   А. р-нын   натыйжасы  кандай гана таксономиялык  топко   кирген  организмдердин    (ошентип, плаценталуу   (чөптүү) сүт эмүүчүлөрдүн  А. р-сында  курт-кумурскачылар,  кол канаттуулар, приматтар, кемирүүчүлөр, коен сымалдар,  сынар-, ача туяктуулар, жырткычтар,   кит сымалдар ж. б.  түркүмдөр пайда болгон;  жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн  А. р-сында   өз учурунда  виверралар, кундуз сымалдар, аюулар, жанат сымалдар, ит сымалдар, мышык сымалдар  ж. б. тукумдар келип чыккан)   формаларынын   көбөйүшү  болуп эсептелет. А. р.  түр пайда болуу процесси  катары башталат  ж-а     кандай гана болбосун   узак   жашаган  организмдер топторунун  тиричилигинде   жүрөт, ошондуктан  ал  эволюциянын закон ченемдүүлүгүнүн  бири   катары каралат.  А. р. концепциясы  дивергенция ж-дө түшүнүктү  (эволюциянын жүрүшүндө  организм   белгилеринин ажырашы)  кеңейтет; бул терминди  орус окумуштуусу  В. О. Ковалевский   (1875; иррадиация деген ат м-н)  ж-а ага байланышпай  туруп   амер. палеонтолог  Г.Ф. Осборн (1915) илимге киргизишкен. (сүрөтү бар,1-том, 212-бет)