Difference between revisions of "АВОКАДО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

(Persea Americana) – өсүмдүктөрдүн  лаврлар тукумундагы  мөмө дарак.  Дайыма жашыл, бийикт.  25 мге жетет.  Жалбырагы  ири, калың. Гүлү майда, саргыч-жашыл, шыпыргы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү бир уруктуу данекче, салм. 100дөн 1000 гга чейин, формасы  көбүнчө  алмурут сымал, жашыл, күрөң же сыя көк, сулпу майлуу (5тен 25-30% май болот)   ж-а данеги чоң. Мөмөсү жаңы кезинде ж-а консерваланган түрүндө пайдалыналт.  Сулпунан салат жасалат, азык майы алынат, анын  калориялуулугу каймак майдан кем эмес. Анын мөмөсүндө  углеводдун аз болушу ж-а жогорку калорялуулугу  кант диабетинде  айрыкча баалуу болуп эсептелет.  Бул өсүмдүктүн  жапайы түрү белгисиз.  Айдалма А-нун мекени Борб. Америка, андан   Түш.-Чыгыш Азияга  ж-а Африкага тараган.  Тропик ж-а субтропик өлкөлөрдө ( Мексика, Бразилия, Индонези ж. б.) өстүрүлүп,  негизги азык продуктусу болуп эсептелет.   КМШ өлкөлөрүндө Кавказдын Кара дениз жээктеринде өстүрүлөт. (Сүрөтү бар,БРЭ, 1-том, 87 бет)