Difference between revisions of "АБУ-ДАБИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
1 -сап: 1 -сап:
  , А б у-З а б и Бириккен Араб Эмирликтери мамлекетинин борбор шаары ж-а Абу-Даби эмирлигинин адм. борбору. Калкы 921 миң (2014). Перс булуңунун жээгинде, анча чоң эмес аралда жайгашкан. Материк м-н эки көпүрө аркылуу байланышат. Жасалма терең гавандагы порт (Порт-Саид, жылына 4 млн m жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. 1760-ж. негизделген. Шаар жасалма жашылдандырылган жерлери м-н айырмаланат. Байыркы курулуштар Ак форт сарайында (аль-Хасн сарайы, 1793) Эмирликтин ислам тарыхын ж-а документациясын изилдөөчү Борбор жайгашкан. Ири нефть, газ казып алуучу региондун адм., финансы, транспорт ж-а коммерция борбору. Нефтинин бир аз бөлүгү порт аркылуу экспорттолот. Нефть-хим. комплекси, болот куурлары ж-а цемент өндүрүшү, эл аралык фонд, финансы фьючерс, товар биржалары, клиринг палатасы, банктар (а. и. Абу-Даби улуттук банк) ж. б. бар.<br>
  (Абу-Заби) БАЭнин курамындагы кооз ж-а эң ири эмирлик. Перс булуңун бойлой 400 кмге созулуп жатат. Аянты 67,3 миң км<sup>2</sup>. Калкы 2,1 млн (2011). Негизинен ислам динин тутат. Борбору – Абу-Даби (БАЭнин да борбору). Рельефи түздүктүү. Климаты кургак. Тропиктин климаттан субтропикке өтмө. Жылдык орт. темп-расы 26<sup>0</sup>С. Эң суук айы январь (18<sup>0</sup>С), жылуу айы – август (34<sup>0</sup>). Жылдык жаан-чачындын саны 107 мм. Жамгыр көп жааган ай – декабрь (36 мм). Майдан декабрга чейин жамгыр дээрлик жаабайт. А.-Д. 19-к-дын орто ченинен 20-к-дын башына чейин Британиянын протектораты үстөмдүк кылган. 1961-жылдан өз алдынча адм. бирдик, 1971-жылдан БАЭнин курамында. Экономикасынын негизин нефть өндүрүшү түзөт. Нефтини экспорттоодон түшкөн кирешени киши башына бөлүштүргөндө эң жогорку көрсөткүчкө ээ. Саодият а-нда 1996-ж. Эркин экономикалык зона түзүлгөндөн тарта  , ал эл аралык офшордук финансы борбору. Деңиз курорту иштейт.
 

09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

(Абу-Заби) – БАЭнин курамындагы кооз ж-а эң ири эмирлик. Перс булуңун бойлой 400 кмге созулуп жатат. Аянты 67,3 миң км2. Калкы 2,1 млн (2011). Негизинен ислам динин тутат. Борбору – Абу-Даби (БАЭнин да борбору). Рельефи түздүктүү. Климаты кургак. Тропиктин климаттан субтропикке өтмө. Жылдык орт. темп-расы 260С. Эң суук айы – январь (180С), жылуу айы – август (340). Жылдык жаан-чачындын саны 107 мм. Жамгыр көп жааган ай – декабрь (36 мм). Майдан декабрга чейин жамгыр дээрлик жаабайт. А.-Д. 19-к-дын орто ченинен 20-к-дын башына чейин Британиянын протектораты үстөмдүк кылган. 1961-жылдан өз алдынча адм. бирдик, 1971-жылдан БАЭнин курамында. Экономикасынын негизин нефть өндүрүшү түзөт. Нефтини экспорттоодон түшкөн кирешени киши башына бөлүштүргөндө эң жогорку көрсөткүчкө ээ. Саодият а-нда 1996-ж. Эркин экономикалык зона түзүлгөндөн тарта   , ал эл аралык офшордук финансы борбору. Деңиз курорту иштейт.