Difference between revisions of "АДАБИЯТТЫН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
new2022>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
– көркөм адабият м-н таанышуу, бул биздин жашоого болгон жеке көзкарашыбызды калыптайт ж-а турмуштук тажрыйбабызды байытат. Турмуш чындыгын ачып берүү м-н сүрөткер бизге аны чагылдырып гана тим болбостон, ошол көрүнүшкө өзүнүн баасын берет. Адабий каармандардын жүрүш-турушун, ой-жүгүртүүсүн, ички толгонууларын көрсөтөт. Чыгарманын идеясы адамдын сулуулук, айкөлдүк, абийир, ар-намыс, ыйман сыяктуу түшүнүктөрү м-н байланышат. Мына ушунун баары окурмандарда эстетикалык идеал жаратат. Бул же тигил каарман өзүнүн жүрүш-турушу, аракети м-н бизди ээрчитет, багындырат, демек, өзүнө карай түздөйт да окуп жаткан кишини тарбиялайт, анын турмуштук түшүнүгүн, жашоо максатын белгилүү бир нукка салат. Биз окурмандар сүймөнчүлүк м-н кабыл алган каармандардан үлгү алабыз да, ал эми жийиркеничтүү образдарга иренжийбиз. Ошентип, «турмуштун окуу китеби» (Н. Г. Чернышевский) болгон адабият бизди он идеалдар аркылуу өзүнө багынтат ж-а миллиондогон адамдар ар түрдүү адабий каармандардан үлгү алып, ошолорго окшоо үчүн өздөрүн тарбиялашкан.