Difference between revisions of "«АЛПАМЫШ» эпосу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

20:21, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

‒ түрк тилинде сүйлөгөн айрым элдердин баатырдык эпосу. Ал өзбектерде ‒ «Алпамыш», казак ж-а каракалпактарда ‒ «Алпамыс», алтайлыктарда ‒ «Алып-Манаш», башкырларда ‒ «Алпамыш жана Барсынхылуу», казандык татарларда «Алпамша» деп аталат. Кийинки жылдарда «А-тын» кээ бир эпизоддо ру тажиктерден да жазылып алынган. Эпос жакшылык, адилеттик өӊдүү идеяларды даӊазалайт. Негизги сюжеттик мотивдери кыргыздын «Жаныш-Байыш» дастанында кайталанат.

Алпамыштын эрдиктери ж-дөгү эпикалык жомоктун сюжеттери уруучулук доорго таандык,> бирок эпостун толук циклдери О. Азия элдеринин жунгар калмактарына каршы жүргүзгөн күрөшү учурунда (15-17-к.) түзүлгөн болуу керек. Өзбек, казак, каракалпактардагы варианттарында Алпамыш коңурат уруусунан чыккан баатыр деп айтьшат. Белгилүү жомокчу Н. Улагашевден жазылып алынган (1939) алтайлыктардын «Алып-Манашы» түпкү чыгышы жагынан өзбек, казак, каракалпактардын «Алпамышы» м-н бир экендигин ж-a ал 6-8-к-да (түрк каганаты доорунда) эле Алтай аймагында пайда болгондугун В. М. Жирмунский ишенимдүү далилдеген. Эпостун бардык версиялары сюжети жагынан окшош, бирок ар бир жомок жерг. колоритте көркөмдөлүп, оригиналдуу мотивдери м-н айырмаланат.

Тексттер: Алып-Манаш, в кн: Улагашев Н. У., Алтай-Бучай. Ойратский героический эпос, Новосиб., 1941; Алпамыс, Некие, 1957; Алпамыш. Узбекский народный эпос. М., 1958; Алпамыс-батыр. Тексты и переводы, под ред. Ауэзова М. О. и Смирновой Н. С. А; 1961.

Ад.: Жирмунский В. М. Сказание об Алпамыше и богатырская сказка. М., 1960.