Difference between revisions of "«АК РЕВОЛЮЦИЯ»"
Jump to navigation
Jump to search
180-227>KadyrM |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
– өлкөнү модернизация­лоо максатында Иран шахы ''Мохаммед Реза Пехлеви'' тарабынан жүргүзүлгөн реформалар. | – өлкөнү модернизация­лоо максатында Иран шахы ''Мохаммед Реза Пехлеви'' тарабынан жүргүзүлгөн реформалар. Реформалар өлкөнүн өнөр жайын, а. ч., билим берүү тармагын ж‑а саламаттыкты сак­тоону өнүктүрүүгө багытталган. Иранда батыш жашоо мүнөзүн коомдук турмушка киргизүү аракеттери көрүлүп, аялдарга шайлоого каты­шуу укугу берилген. Реформалар Ирандын өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизип, мамлекеттин эсе­бинен көптөгөн жаңы шаарлар, өнөр жай иш­каналары курулган, билим берүү ж‑а саламат­тык сактоонун жаңы системалары киргизилген. Бирок реформалар бардык тармактарда эле оң жыйынтык берген эмес. Агрардык өлкө болуп келген Ирандагы негизги товар өндүрүүчүлөр ­жер ээлеринин чарбаларын жоюунун натыйжа­сында мамлекет азык‑түлүк продукциясын им­порттоого муктаж болгон. Жаңыдан өсүп келат­кан өнөр жай тармагы тез темпте өсүп жаткан калктын таламдарын канааттандырууга жетиш­кен эмес. Өлкөдөгү коррупциянын ж‑а автори­тардык башкаруунун күчөшү, нефтини сатуудан түшкөн зор каражаттардын уурдалышы, жу­мушсуздук ж‑а шах сарайындагы эбегейсиз бай­гер жашоо элдин нааразылыгын күчөткөн. 70‑ж. аягында өлкөнү батыш жолу м‑н модер­низациялоого каршы болуп келген мусулман ди­ний башчылары ж‑а либералдык‑демокр. топ­тор шахтык режимге каршы оппозицияга би­ригишкен. Натыйжада 1979‑ж. ''Иран револ''ю­''циясы'' жеңип чыгып, шах Мохаммед Реза Пех­леви бийликтен баш тартууга ж‑а өлкөнү таш­тап кетүүгө аргасыз болгон.<br> | ||
Реформалар өлкөнүн өнөр жайын, а. ч., билим берүү тармагын ж‑а саламаттыкты сак­тоону өнүктүрүүгө багытталган. Иранда батыш жашоо мүнөзүн коомдук турмушка киргизүү аракеттери көрүлүп, аялдарга шайлоого каты­шуу укугу берилген. Реформалар Ирандын | Ад.: ''Васильев Л. С.'' История Востока, т. 2. М., 1970; Новейшая история стран Азии и Африки XX век 1945‑2000. М., 2001. <br> | ||
Ад.: ''Васильев Л. С.'' История Востока, т. 2. М., 1970; Новейшая история стран Азии и Африки XX век 1945‑2000. М., 2001 | |||
А. Орозов.<br> |
16:50, 18 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
– өлкөнү модернизациялоо максатында Иран шахы Мохаммед Реза Пехлеви тарабынан жүргүзүлгөн реформалар. Реформалар өлкөнүн өнөр жайын, а. ч., билим берүү тармагын ж‑а саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө багытталган. Иранда батыш жашоо мүнөзүн коомдук турмушка киргизүү аракеттери көрүлүп, аялдарга шайлоого катышуу укугу берилген. Реформалар Ирандын өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизип, мамлекеттин эсебинен көптөгөн жаңы шаарлар, өнөр жай ишканалары курулган, билим берүү ж‑а саламаттык сактоонун жаңы системалары киргизилген. Бирок реформалар бардык тармактарда эле оң жыйынтык берген эмес. Агрардык өлкө болуп келген Ирандагы негизги товар өндүрүүчүлөр жер ээлеринин чарбаларын жоюунун натыйжасында мамлекет азык‑түлүк продукциясын импорттоого муктаж болгон. Жаңыдан өсүп келаткан өнөр жай тармагы тез темпте өсүп жаткан калктын таламдарын канааттандырууга жетишкен эмес. Өлкөдөгү коррупциянын ж‑а авторитардык башкаруунун күчөшү, нефтини сатуудан түшкөн зор каражаттардын уурдалышы, жумушсуздук ж‑а шах сарайындагы эбегейсиз байгер жашоо элдин нааразылыгын күчөткөн. 70‑ж. аягында өлкөнү батыш жолу м‑н модернизациялоого каршы болуп келген мусулман диний башчылары ж‑а либералдык‑демокр. топтор шахтык режимге каршы оппозицияга биригишкен. Натыйжада 1979‑ж. Иран революциясы жеңип чыгып, шах Мохаммед Реза Пехлеви бийликтен баш тартууга ж‑а өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Ад.: Васильев Л. С. История Востока, т. 2. М., 1970; Новейшая история стран Азии и Африки XX век 1945‑2000. М., 2001.
А. Орозов.