Difference between revisions of "АВТОРИТЕТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 (нем. Autroritдt ‒ таасир, бийлик) ‒ айрым инсан, топ же уюм тарабынан адамдардын ишенимине ж-а иш-аракеттерине көрсөтүүчү таасири, б. а. башкаруу төбөлдөрүнүн бийликти ишке ашыруу формаларынын бири. А. мамилелери коомдук турмуштун эӊ эле ар түрдүү чөйрөлөрүндө: үй-бүлөдө (ата-энелер А-и), мектепте (мугалимдин А-и), ил. ишмердүүлүктө (окумуштуунун А-и), формалдашпаган топтордо (лидердин А-и), уюмдарда (жетекчи нин А-и) ж. б. пайда болот. А-тин таасирдүүлүгү ‒ инсандын айланасындагылар тарабынан анын башкалардан айырмаланган жөндөмүнүн таанылышы. Андай жекече сапаттары (компотенттүүлүгү, билимдүүлүгү, ыймандуулугу, тажрыйбалуулугу), теги (дворян сословиесине, калк кастарлаган үй-бүлөгө таандыктыгы), курамы, социалдык статусу, маалыматтуулугу, байлыгы, сиӊирген эмгеги, диний мансабы, жетекчилик кызматы д. у. с. калк тарабынан моюндалышы ж-а баш ийүүсү ага кеӊеш берүүгө, тескөөгө, буйрук берүүгө формалдуу же формалдуу эмес укуктуу берет. Ошондуктан А. бийликтин формасы болуп саналат. А. мажбурлоонун тарыхый өзгөрмө формалары м-н индивиддердин пикирин, сезимдерин, иш-аракеттерин белгилүү бир нормалар м-н жоболорго моюн сундуруунун ортосундагы социал. байланыш м-н өз ара ма

миленин белгилүү бир тибин чагылдырган категория катары мүнөздөлөт. Анын үч түрү бар: 1) күч А-и (архаикалык коомдо); 2) ишеним А-и (салттуу коомдо); 3) жүйөлүү акыл-эс А-и (индустриалык коомдо). А-тин формаларынын тарамдалышы философияда дыкат изилденген. Антикалык мезгилдеги моралдык А-тин үстөмдүгү о. кылымдарда диний А. м-н алмаштырыл ган. Гоббстон тартып Жаӊы мезгилдин философиясында диний А. четке кагылып, илимий билимдерге негизделген адеп-ахлактык А-тин мааниси баса белгилене баштаган. Англиялык ж-а француздук Агартуучулук доордо акыл-эстүү же жүйөлүү укукка негизделген А. тууралуу окуулар иштелип чыккан. Учурдагы саясий философияда А. каалагандай күч м-н бийликтин зарыл шарты катары каралат. М. Т. Артыкбаев. Н. К. Алиева.