Difference between revisions of "АСКЕРДИК КЫЛМЫШТАР"
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:50, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
– аскер кызматкерлеринин ж-а атайын аскердик даярдыктан өтүп жатышкан аскер кызматына милдеттүүлөрдүн аскердик кызматты аткаруу тартибине сыйбаган аракеттери. Аскердик тартипти бузуу, аскердик кызмат өтөөдөн баш тартуу, аскер мүлктөрүн ысырап кылуу, жоготуу, кароол ж-а чек ара кызматынын уставдагы эрежелерин бузуу, аскердик сырды жарыя кылуу ж. б. кылмыштар А. к-га кирет. А. к-дын ичинен коомго коркунучтуу аракет же аракетсиздик м-н жасалган кылмыштарга – башчыга каршылык
көрсөтүү же анын кызматтык милдеттерин бузууга мажбурлоо, зомбулук жасоо, буйрукту
аткарбоо, бөлүктү же кызмат ордун ээнбаш таштап кетүү; байкоостон жасалган аскердик кылмыштарга – аскердик мүлктү жок кылуу же
бүлүндүрүү, машиналарды айдоо же пайдалануу,
о. эле учуу же ага даярдануунун эрежелерин
бузуу кирет. Акыл-эси соо, 18 жашка толгон,
аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары ж-а аскердик жыйындарда жүргөн запастагы жарандар А. к. субъектиси деп эсептелет.
Согуш мезгилинде же болбосо согуш кырдаалынын шарттарында жасалган А. к. үчүн жоопкерчилик согуш мезгилинин мыйзамдары м-н
аныкталат. Бул кылмыштарды аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тергейт.