Difference between revisions of "АСКАНИЯ КОЮ"
Jump to navigation
Jump to search
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:50, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
– уяң жүндүү меринос кой породасы. Меринос койлорун Американын рамбулье кочкорлору м-н аргындаштырып, улам тандоо жүргүзүү аркылуу, «Аскания-Нова» коругунда чыгарылган (1925 – 34). Ал жүндүү, тез жетилет. Денеси чың, чымыр, эттүүлүгү ж-а жүндүүлүгү м-н айырмаланат. Кочкорунун салмагы
110-140 кг (180 кгга чейин), соолугу 60-70 кг.
Кочкорунан 10-12 кг, соолугунан 5,5-6 кг жүн
кыркылат. Айрымдары 30,6 кг га чейин жүн
берип, дүйнөдө 1-орунда турат. Жүнүнүн ичкелиги 64-сапатта, уз. 7-8 см. Кургакчыл шартка
көнүккөн. А. к. уяң жүндүү койлордун жүндүүлүк ж-а эттүүлүк касиетин жакшыртууда асыл
тукум катары пайдаланылат.