Difference between revisions of "АРХИТЕКТУРАЛЫК ПЕЙЗАЖ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– пейзаж жанрынын бир түрү; табигый чөйрөдө, живопись м-н графикада чыныгы же элестетилген арх-ранын сүрөттөлүп берилиши. А. п-да арх-ра м-н жаратылышты бириктирүүгө жол берген аба ж-а линиялык перспектива чоң роль ойнойт. А. п-да ведута деп аталган 18-к-дагы перспективалык көрүнүштөрдү бөлүп көрсөтсө болот (мис., Венецияда Франческо Гварди, Бернардо Беллотто, Антонио Каналетто, Россияда Ф. М. Матвеев). Буга антика ж-а о. кылым урандылары тартылган пейзаж түшүрүлгөн курулуштар ж-а вилла, чарбак, парк ансамблдери кирет. Кыргыз сүрөтчүлөрүнөн М. Өмүркуловдун «Совет аянты», У. Ахуновдун «Ижор заводу. Ленинград», «Ша-

У. Ахунов. Чор-Минор мечити.


химардан», А. Турумбековдун «Кечки Ленинград» ж. б. сүрөттөрү мисал.