Difference between revisions of "АРХИТЕКТУРА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

(лат. architectura, байыркы грек architektonike), зодчийлик, мөмөрч ү л ү к - адамдардын жашоосуна, эмгектенүүсүнө материалдык чөйрөнү түзгөн имараттар ж. б. курулмалар (о. эле алардын комплекстери); курулмаларды ж-а алардын комплекстерин коомдук эстетикалык көз карашка, азыркы тех. мүмкүнчүлүктөргө, милдеттерине жараша долбоорлоо, куруу өнөрү. Анын негизги принциптери, өзгөчөлүктөрү ж-а касиеттери А-лык чыгармалардан көрүнөт. Аларга имараттар, ансамблдер, курулмалар ж-а ачык мейкиндиктеги аянттар ж. б. курулуштар кирет. А-нын өзгөчө тармагын калк отурукташкан жерлерди пландаштыруу ж-а куруу, б. а. шаар курулушу түзөт. Жаратылыштын элементтерин, чакан архралык формаларды, имарат-курулмаларды бириктирип түзүлгөн мейкиндиктер – ландшафттык А. (бак-парктык иск-во, эс алуу зоналары ж. б.) материалдык мад-ттын бир тармагы, ошол эле мезгилде иск-вонун бир түрү катары рухий мад-тка да кирет. Ал адамдын чөйрөсүн эстетикалык жактан калыптандырып, көркөм образдар аркылуу коомдук идеяны чагылдырат. А. мейкиндик-көркөм каражаттар аркылуу коом өзүнө зарыл ж-а ылайыктуу «экинчи табиятты» – жаңы материалдык айлана-чөйрөнү жаратып, коомдук жашоонун формасын, иштөө, окуу, эс алуу ж. б. тиричилик шарттарын эстетикалык деңгээлде көзгө жагымдуу калыптандыргандыгы м-н баалуу. А-лык чыгарманын өзөгүн түзүүчү негизи форма, функция, мейкиндик, конструкция, материал болсо, ал эми көркөм тили катары композициялык каражаттар: пропорция, симметрия, ритм, контраст, нюанс, масштаб, образ, символ ж.б. саналат. А-нын милдетине: I) жалпы пландаштырылган композициянын максаттуулугу; 2) конструкциянын бекем ж-а туруктуу болушу; 3) курулуштун А-лык формасынын ылайыктуулугу; имаратты куруудагы экон. чыгымдын үнөмдүүлүгү ж. б. кирет.
А-да функциялык-тех. ж-а рухий-эстетикалык башталыштар өз ара тыгыз байланышкан:
ал өзүнө пайдалуулукту, бекемдикти ж-a сулуулукту негиз кылып алат. А-нын практикалык милдеттери м-н курулуштун көлөм-мейкиндик структурасы ж-a планы өз ара байланыштуу, ал эми курулуш технологиясы, техникасы долбоорду ишке ашырууну аныктайт. О. эле А. чыгармаларынын идеялык-образдык мазмуну анын социалдык функциясына негизделген сыяктуу эле, көлөм-мейкиндик өзгөчөлүктөрү ошол доордун эстетикалык нормаларына да негизделет. Коомдук прогресс, илим м-н техниканын жетишкендиктери, жаңы эстетикалык концепциялар андан көркөм иск-во катары мурун болуп көрбөгөн жаңычыл (новатордук) чечимдерди, образдуу ж-a конструктивдүү милдеттерди талап кылат. Ошентип, А. негизги (көркөм сүрөт ж-a жасалга көркөм иск-восу м-н бирдикте) мейкиндик көркөм иск-восунун бири болуп кала берет ж-a төмөндөгүдөй аныкталат: I) адам ишмердүүлүгүндөгү көркөм уюштурулган мейкиндик (чөйрө); 2) өзүнүн болушу, жайгашышы ж-a иштөөсү м-н мейкиндиктин көркөм уюштурулушун шарттаган объекттер жыйындысы; 3) уюмдашкан мейкиндикти ж-a аны түзүүчү объекттерди долбоорлоо, б. а., А-ны жаратуучунун – архитектордун ишмердиги же ушундай чыгармачыл процесстердин жыйындысы. Көпчүлүк учурда А-лык ишмердик өзүнүн бир эле турушу эмес, о. эле милдети, негизги формалдуу өзгөчөлүктөрү б-ча экон. эсеби, тех. мүмкүнчүлүктөрү ж-a практикалык керектелүүсү м-н аныкталган объекттерди жабдууга багытталган. Мындай объекттерге көркөм бирдиктүүлүк катары жабдылган ж-a ансамблдер деп аталган курулупггар (культтук, адм., турак-

Микерин пирамидасы ж-a ханышалардын үч пирамидасы (Египет).


жай, өнөр жай, коомдук ж. б.)> ачык шаардык мейкиндиктер (аянттар, көчөлөр, парктар) ж-а ачык мейкиндик ж-a курулуш комплекстери (шаардын р-ндору ж. б.) кирет. А-лык форманын ж-a мейкиндиктин жаралышы табигый жердин климаттык шартына, коомдук факторго (саясий-экон. түзүлүшкө, курулуш-тех. базаларга, тарыхый-маданий, этникалык үрп-адатка ж. б.), рухий ж-a эстетикалык табитине, идеалдарга байланыштуу. А. көркөм сүрөт өнөрүндөй табиятты, адамды сүрөттөбөйт, анын көркөм каражаттары – символикалык ж-a абстракттуу формаларында, айрыкча мейкиндик структурасында жатат. Башка пластикалык иск-вонун түрлөрүнөн айырмаланып, А. коомдук-өндүрүштүк күчтүн деңгээлине, илим ж-а

Карнак храмына алып баруучу Сфинкстер аллеясы (Египет).


тех. өсүшүнө, тактап айтканда инженердик-курулуш ишкердүүлүгүнө тыгыз байланыштуу ж-a олуттуу материалдык (финансылык) каражатты, коллективдүү жумушчу күчтү талап кылат, мис., Байыркы Бгипеттин фараондоруна пирамидаларды тургузуу үчүн 50-100 миңдеген кулдар 20-30 ж. иштеген. Кээ бир пирамидалардын курулушу 100 жылдык убакытты талап кылган. Сактардын падышаларынын «коргондорун» жөнөкөй топурактан үйүп куруу үчүн эң кеминде 5 миңге жакын адамдар ишке тартылган. Ал эми бүгүнкү күндө 20-30 кабат үй салуу мөөнөтү Батыш Европада, АКШда, Кытайда жарым жылдан ашпайт. Адатта А-лык эстеликтер «дүйнөнүн таш летописи» деп шарттуу түрдө аталат, анткени алар кылымдан кылымга сакталып, учурунда курулган өткөн замандын объективдүү абалын камтып турган бирден бир табылгыс тарыхый булак катары коомго керек.
Кыргыз элинин тарыхы, мад-ты «Манас» эпосунда образдуу тил м-н баатырдык окуялар аркылуу чагылдырылса, о. эле боз үйдүн А-сында улут түзгөн «дүйнө сүрөтү» көрүнүп турат. Ahсамблдер А. чыгармасынын эң жогорку баскычы ж-a татаал системасы болуп эсептелет. Алар байыркы ж-a о. кылымдарда түрдүү тарыхый шарттарда пайда болуп, калыптанган. 20- к-дан баштап А-лык ансамблдер чоң шаарлардын көрүнүктүү орундарын ээлеп калды. Бүгүнкү күндө А-нын скульптура, монументалдык-декорация иск-во, живопись ж-а дизайн м-н бирдиктүү синтез түзүү касиети өтө баалуу. Сүрөттөлбөгөнүнө ж-а мотивдери м-н формаларынын чектелүү шарттарына байланыштуу А-лык сыпат көп учурда толуктоого, конкреттештирүүгө ж-а аны көркөм сүрөт өнөр каражаттары м-н байытууга муктаж. Мына ушул кырдаал ж-а көлөмдөрүнүн салыштырмалуу кеңдиги А-лык мейкиндиктин көркөм өнөрлөрдүн синтезы үчүн эң жакшы кыртыш экенин далилдейт.
Иск-вонун идеялык мазмундук багыттарын бири бири м-н айкалыштырып «көп катмарлуу» А-лык чыгарманы түзүү м-н Версаль, Альгамбра, Кремль сыяктуу шедевр А-лык ансамблдер пайда болгон. А. скульптордук (скульптура, живопись ж. б.) көркөм чыг-лыктын мезгилдик ж-а мейкиндик түрлөрүнүн бириккен негизине кызмат кылат, ошондуктан А-ны «бардык көркөм искусствонун энеси» деп аташканы бекеринен эмес. Башка көркөм иск-во сыяктуу эле А. да дайыма өзүнүн стилдеринде ж-а чыгармаларында ошол доордун идеалын, көп кырдуулугун чагылдырат. Өзүнүн эл массасына жеткилеңдиги м-н чыгармаларынын бекемдиги ж-а стабилдүүлүгү б-ча А. башка көркөм иск-вого салыштырмалуу ага заманбап идеалдын социалдык уюштуруу аспектин, иретке салынган рухун ж-а акылга сыярлык мыйзамченемдүүлүгүн көбүрөөк ачып көрсөтөт. Буга А. чыгармаларынын масштабдуулугунан сырткары ага таандык ритм м-н пропорцияны баса белгилөөсү да жардам берет.
А. иск-во ж-а курулуш өнөрү катары узак тарыхый жолду басып өттү, анткени байыркы замандан бери адамзаттын жашоосу курулуш

Каир. Солдо: Султан Хасандын мечити ж-а ондо АльРифаинин мечити.


м-н байланышкан. Неолит доорунда архаикалык үй жыгачтан, камыштан, чопо топурактан салынган. Чоң-чоң таштардан монументтүү курулуштар – менгир, дольмен, кромлехтер (төбөсү жабылган таш курулуштар) пайда болду. Англиядагы Солсберинин жанындагы атактуу

Стамбулдагы мечиттин ички жасалгасы.


Стаунхендж кромлехи ошолордун бири. Данияда Бретанда тикесинен катар турган менгирлер «аллеясы» бар. Дольмендер таш дубалдуу үй сыяктуу болгон. Египеттин көркөм мад-ты өз учурунда коомдук зор мааниге ээ. Б. з. ч. 2200- 2700-ж. салынган египет пирамидалары м-н ибадатканаларынын курулуштары ушул күнгө чейин таңкалтырат. Египетте ири шаарлар, чептер ж-а ирригациялык жайлар курулган; таш храмдар, сарай, өлүк коюучу жайлар сыяктуу үлгүлөрү монументтүүлүгү м-н айырмаланат. Байыркы падышалык доордо маркумдарга сыйынууга байланыштуу түз бурчтуу күмбөздөрдүн тиби (мастаба) ж-а пирамидалар (алгач тепкичтүү формада Саккардагы Жосер пирамидасы, кийин классикалык формада Гизадагы Хеопс, Хефрен, Микерин пирамидасы), өсүмдүк ж. б. формадагы колонналуу храмдар, обелиск, сфинкстердин типтери түзүлгөн. Жалпы мамл. зыярат очогу болгон фараондун сөөгү коюлуучу храмдар аябаган зор ченемде курулган. Мындай храмдарды куруу иши Жаңы падышалык доордо (б. з. ч. 16-11-к.) өзгөчө күч алат (Карнактагы, Луксордогу колонналуу залдар, кубаттуу пилондор, Сфинкс аллеялары бар храмдар). Рельефтүү композициялары ж-а айкелдери бар зор храмдарды куруу (Карнакта, Абу-Симбелде, Мединет-Абуда) өнүккөн. 639-ж. арабдар Египетте ислам динин жайылтып, араб мад-тын түзө баштаган. 7-9-к-да түркүктүү мечиттер көп салынган (мис., Фустатта Амр ибн аль-Ас мечити, 641-642), Каирде ибн Тулун (876-879), альАзхар (970-972), аль-Хаким (990-1013) мечиттери, Хасан султан мечит-медресеси (1356-63), Мамлюктар мавзолейи (15-16-к.) ж-а балкондуу мунаралар, Осмон империясьшын мезгилинде түрк мечиттери курулган. 19-20-к-да Египетте франц., итал., англ. архитекторлор иштеген. Месопотам мад-тынын алтын доорунда пайда болгон Вавилон мунарасы бир нече катар дубалдар м-н курчалган. Байыркы Грек мегарондук микен мад-тынан башталат. Гомер мезгилинде мегарондук А-нын негизинде алгачкы грек храмдары салынган. Храм салуу, кооздоо иши айрыкча өркүндөп, дорийлик ордер стилинде Геранын (Олимпте), Аполлондун (Коринфте) храмдары, 4-6-к-да Рим сыяктуу шаарларда Сан-Жованни ин Латерано, Сан-Витале базилика чиркөөлөрү, зыярат кылынчу имараттар салынган. Шаарлар пландуу курулуп, портторду ж-а гавандарды салуу өркүндөгөн. Посейдонияда «Посейдон храмы», Олимпте Зевстин, Афиныда Парфенон ж-а Эрехтейон храмдары сыяктуу Грекия А-сынын мыкты үлгүлөрү, Байыркы Римде өлкөнүн ж-а императордун даңкын

Римдеги Пантеон. 125-ж. чен.


көтөргөн эл чогулуучу ири имараттар, ансамблдер, амфитеатр, театр, термалар, үстү жабык базар, базиликалар тургузулган. Көпүрөлөр м-н

Колизей. Рим. I-к.


акведуктар инженердик жактан жогорку деңгээлде курулган. Арка ж-a своддун конструкцияларын кеңири колдонушкан.
Индия А-сынын тарыхы байыркы Хараппа цивилизациясына тиешелүү Сангхол ж-а Лотхал ш-ларынын А-сынан башталат. Б. з. ч. 2- 1-миң жылдыкта кийинки доорлордун таш архрасына негиз түзгөн элдик жыгач А-сы пайда

Агранын жанындагы Таж-Махал ак мрамор күмбөзү (Индия).


болгон. Б. з. ч. 4-2-к-да Маурья мамлекетинде шаардык санжыргалуу сарай имараттары салынган. Мемориал түркүктөр («стамбха»), жарым сфера («ступа»), эки катар колонналуу узата салынган зал сыяктанган үңкүр храмдар («чайтья»), монастрлар курулган. Дели султандыгында арх-ра геом. тактыкка жетишкен: жебе сымал арка жасоо, тегиздикке хром м-н оймо-чийме салуу өнөрү өөрчүгөн. А. Улуу Моголдор мамлекетинде (16-17-к.) айрыкча өнүккөн: Агра ж-а Дели ш-ларынын чептери ж-a мрамор каалгачалары, мечиттер, Агранын жанындагы ТажМахал ак мрамор күмбөзү салынган. Колониялык бийлик убагында (18-к.) Бомбей, Калькутта, Дели ш-ларында европ. типтеги жаңы имараттар, борборлошкон Цинь мамлекетинин убагында Улуу Кьггай дубалынын көп бөлүгү (б. з. ч. 221-207-ж.) курулган. Цинь ж-a Хан доорлорунда 2-3 кабат үйлөр, көп ярустуу буктурма мунаралар салынган. Хан доорунда коңшу Азия элдеринен маданий ыкмалар өздөштүрүлгөн. Индиядан оошкон иконография системалары А-да, живописте, скульптурада монументтүү формалардын пайда болушун, жаңы типтеги аска монастырларынын (Юнгань, Майизишань ж. б.) салынышын шарттаган. 7-3-к-да (Тан ж-a Сун доору) мад-ттын бардык тармагы гүлдөгөн. Б. з. 3-6-к-да Японияда падыша коргондорун куруп, алардын үстүнө чопо статуэткалар (Ханива) коюшкан. 6-к-дан Японияда буддизм таралып, 7-8-к-да кытай жана корей зодчийлигинин таасиринде храмдар, имараттар ж. б. курулган. 12-14-к-да бийик чатырлуу монастырлар тургузула баштаган. О. кылымда ар кандай курулуштар, феодалдардын шаарларын ж-a резиденцияларын коргогон чептер, замоктор Франция, Германия, Испания, Чехия, Польша ж. б. Европа өлкөлөрүндө, О. Азияда ж-а
Закавказьеде, Византия, Россия, Иран, Түркияда курулган. Кайра жаралуу доорунда көп бурчтуу (жылдыз сымал) мунаранын ордуна бастиондору бар крепосттор пайда боло баштаган. А-да сыйынуучу имараттар өзүнчө зор курулуштардан болуп эсептелет.
8-10-к-да Ломбардия А-сы өнүгүп, базиликалардын кампанила деп аталган классикалык тиби пайда болгон (мис., Миландагы СантАмброжо чиркөөсүнүн түш. мунарасы, 9-к.), 11- 13-к-да шаар куруу иши кеңири кулач жайган. Болонья, Сан-Жиминьяно өңдүү ш-ларда чептер, мунаралуу таш үйлөр, Бергамо, Бреша сыяктуу ш-ларда ратуша, соборлор курулган. Италиянын А-сында готика стили пайда болгон. Кайра жаралуу доорунун А-сында (15-к.) жаңыча өздөштүрүлгөн антикалык ордер системасы, имаратты ритмикалык ж-а структуралык уюштурууда (Пиенца ш-нын ансамбли, 1459, арх. Б. Росселино) негизги каражат болгон. 16- 17-к-да Италия иск-восунда барокко стили калыптанып, 17-к-дын 60-ж. дүркүрөп өнүккөн. Бул Рим, Венеция, Туриндеги чиркөө курулушунан айкын көрүнөт. 19-к-да Италияда классицизм кеңири таран, Рим, Турин, Милан шларында көчөлөр м-н аянттар классицизм духунда кайра курулган. 20-к-дын башында А-га модерн стилинин таасири тийген. 1950-60-ж. Италия арх-расы дүркүрөп өсүп, жаңы курулуш

Туриэдеги собор. Түш.-чыгыш тарабынан жалпы көрүнүшү (Нидерланд).


Гмюндеги түн. Крест чиркөөсүнүн ички көрүнүшү. 1330- 1521-ж. чен (Австрия).


материалдары (темир, бетон, армоцемент ж. б.) колдонулган ж-а архранын принцибинде жеке менчик виллалар курулган.
Араб А-сы м-н иск-восу чоң өзгөчөлүккө ээ, жаңы үлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мунаралар салынган. 7-к-дын 1-жарымында Басрада (635), Куфта (638), Фустатта (640) курулган мечиттер алгачкы араб A-сына таандык. Ири шаарларда мунаралуу коргондор ж-а көркөм иск-вонун шедеври – Альгамбра аксарайы курулган (13- 15-к.). Колонналык типте салынган монументалдуу курулуштар Иран, Кавказ, Дамаск, Бухара, Багдад, Самаркан, Индия өлкөлөрүнүн А-сына таасир берген. Арабдардын А-лык курулушунда фатимиддик Каир мектеби белгилүү болгон. Неолит ж-а коло доорунда мегалит курулуштары Карнакта, ал эми темир доорундагы маданий эстеликтер Гальштатта (б. з. ч. 10-к.), Латенде (б. з. ч. 5-3-к.) сакталган. Франциянын шаарларында готика стили (12-к.) пайда болгон. Бул мезгилде эски шаарлар кайра курулуп, жаңы шаарлар өсүп чыгып, шаар соборлору коомдук имараттарга айланган. 15- к-да чоң терезелүү, ренессанс элементтери м-н жасалгаланган үйлөр салынган. Франциянын

Шер дарыясындагы Шенонсо замогу. 16-к. (Франция).


готика скульптурасында адамдын ички сезимине, дене түзүлүшүнө кызыгуу күч алат. Ал эми готика живописи интерьерди (Шартрдагы собор витражы) ачык түстөр м-н кооздойт. Кайра жаралуунун асем стили 15-к-дын 2-жарымындагы арх-рада калыптана баштайт. Бул мезгилде би-

Москва. Кремль.


лимдүү франц. арх. Н. Башефье, Ф. Делорм, П. Леско, Ж. А. Дюсерсо ж. б. өсүп чыгат. 19-кда темир ж-а айнектен бийик имараттар курула баштаган. Дүйнөдөгү эң бийик курулуш Париждеги Эйфель мунарасы (инж. Г. Эйфель) темир каркастар м-н курулган. 20-к-дын башында Францияда шаар курулушуна өзгөчө көңүл бурулган. 1960-70-ж.
Парижде ж-а анын айланасында көптөгөн курулуштар курулган.
Бул жылдары айрыкча Ле Корбю-

Москвадагы Василий Блаженный собору.


зье курган курулуштар башка өлкөлөрдүн архитекторлорунун чыг-лыгына кыйла таасирин тийгизген.
10-13-к-дын орто чени – Байыркы Русь мадтынын гүлдөгөн доору. Таштан курулган кооз, бийик имараттар (чиркөө, монастырь, сарай) фреска, мозаика м-н кооздолуп, икон өнөрү, китеп миниатюрасы жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Москва Кремли эменден (1339), кийин ак таштан (1367) курулган. 16-к-да Москвада чиркөөлөр (Коломенскидеги Вознесения чиркөөсү, Василий Блаженный храмы), Русь мамлекетинин ири борборлорунда (Новгород, Тула, Коломна, Зарайск, Смоленск, Серпухов) кремлдер салынып, турак жайлар негизинен жыгачтан тургузулган. Русь арх-расы жалпы Европа көркөм стиль системасында өнүгүп, 18-к-да барокко, классицизм пайда болгон. 18-к-да Русь мамлекетинин эң башкы милдети Санкт-Петербургду куруу эле. Шаардын жайгашышы жаратылыш ландшафтына байланыштырылып долбоорлонгон. Ошол убактагы барокконун чеберлери Б. Ф. Растрелли, С. И. Чевакинский, Д, В. Ухтомский иштешкен. 1830-ж. башында Санкт-Петербургда монументалдык ансамблдердин курулушу мүнөздүү. 19-к-дын ортосунда өкүм сүргөн классицизм А-нын бүт түрүнө жайылган. Бул мезгилде М. Ф. Казаков, А. Д. Захаров, К. И. Росси ж. б. атактуу архитекторлор чыг-лык м-н эмгектенген. 19-к-дын 2-жарымында Россияда капитализмдин өнүгүшү арх-ра м-н сүрөт өнөрүнө чоң таасир этип, жаңы курулуш материалдары (металл конструкциясы) өздөштүрүлгөн. Октябрь рев-ясынан кийинки беш жылдыктар убагында жаңы шаарлар өсүп чыкты. Архитекторлор сапаттуу, кооз курулуштарды (Москва метрополитени, Москва каналындагы көпүрө ж. б.) курушту.
Байыртадан бери эле АКШ жергесинде индеец урууларынын мад-ты өнүгүп келген. Шаар ларда коомдук имараттар, чиркөөлөр тургузулуп, 19-20-к-дын ортосундагы курулуш техникасынын өнүгүшү асман тиреген имараттардын курулушуна шарт түздү. Америкадагы Чикаго мектебинин архитекторлор тобу асман тиреген бийик имараттын жаңы формасын жаратышты.
Арх. X. Ричардсон, JI. Салливен, Ф. JI. Райт ж.
б-лар коомдук ж-а тех. жаңы шарттарга ылайык аракеттенишкен. Курулуштардын жаңы типтерин жараткан амер. архитекторлордун изденүүлөрү (Эро Сааринен, JI. Кан, М. Ямасаки, Мис Ван Дер Роэ) шаарлардын өнүгүшүнө өбөлгө болду. 19-20-к-дан Япониянын А-сында Европанын ж-а Американын таасири күчөп, ал эми 1950-ж-дан улуттук арх-ра өз алдынча өнүккөн.
Кырг-ндын аймагындагы байыркы А-лык эстеликтер неолит доорунан башталат (Акүңкүрдөгү жаныбарлардын сүрөттөрү). Респ-нын түштүгүндө топурак коргондор ж-а мунаралар м-н курчалып, кыштан тургузулган курулуштарга бай Кошбулак, Карадарыя, Жаңыбазар, Шоробашат (б. з. ч. 4-1-к.) шаар урандылары табылган. Монголдордун үстөмдүгүнө чейин Кырг-ндын аймагында отурукташкан ж-а көчмөн калктын мад-ты катарлаш өнүккөн. 5-10- к-да көптөгөн чептер м-н сепилдер курулуп, шаарлар өскөн. Бул шаарлардын дубал м-н курчалган шахристаны (шаардын борбору) ж-а чыңдалган рабады (шаардын чет жакасында кол өнөрчүлүк

Нью-Йорктогу Эмпайрстейт-билдинг асман мелжиген имараты (1932).


Алматыдагы көркөм сүрөт иск-во музейи.


жайгашкан элдүү пункттары) болгон (Ош, Өзгөн, Чаткал суусунун өрөөнүндө Күлбөскан, Чанчаркан, Уубулак ш-лары). Чүй өрөөнүндөгү алгачкы о. кьшым шаарлары (Токмоктун түштүгүндө 8 км аралыктагы Ак-Бешим, батышындагы Кызыл-Суу ш-лары) мунаралуу дубалдар ж-а чоподон согулган (көп учурда кошумча түрдө үйүлүп жасалган) чеп алкагы м-н бекемделип курчалган шахристандары м-н айырмаланган. Kyрулуштар гервалактан ж-а кыштан тургузулуп, чатырлары жаа түрүндө көтөрүлүп же жыгач м-н жалпак жабылган. Тянь-Шандан мунаралуу пакса дубал (бийикт. 12 мге чейин) м-н курчалган тик бурчтуу кеңири аянттар – түрк хандарынын ордолорунун калдыктары табылган. Кырг-ндын бул мезгилдеги А-сы шаар куруу чеберчилигинин О. Азиялык түрүнүн нугунда өнүккөн. Акбешим шаар урандысынан 6-7-к-га тиешелүү сепилдин калдыктары, анын шахристанынын чыгышынан 8-к-га таандык узун короолуу христиан чиркөөсүнүн урандылары табылган. Шаардын сыртында жайгашкан буддалык 2 храм да өтө кызыктуу. Алардан сүрөт фрагменттери, скульптуралар, жасалга – колдонмо өнөрүнүн чыгармалары табылып, борборлорунун пландалышы Афганстан м-н Чыгыш Туркстандын диний курулуштарына окшош. О. Азиянын алгачкы о. кылымдагы сепил А-сына мүнөздүү болгон «бүктөмөлүү» дубалдар м-н бекемделген кербенсарайлар (Манакелди суусунун жээгиндеги бурчтарына мунара тургузулган төрт чарчы Чалдовар кербенсарайы, 8- же 10-к.) курулган. Кыргндын караханиддердин мусулман мамлекети доорундагы архрасында ислам динине байланыштуу бүткүл О. Азиялык зодчийлик үчүн жалпы мүнөздүү монумент диний имараттарды - мечит, мунара, күмбөздөрдү куруу ж-а алардын иштерин өнүктүрүү аракеттери байкалат. О. Азиянын А-лык мурасында пайдубалы 8 кырдуу ж-а өзү тегерек келип, бийиктеген сайын ичкерип олтурган, кирпич м-н атайын кооздолуп кыналган алкактары бар, кирпичтен тургузулган белгилүү 2 мунаранын: Бурана шаар урандысындагы Бурана мунарасынын (Акбешимдин түштүгүндө, 11-к-дын башы, ушул күнгө чейин сакталып калган, бийикт. 21,5 м) ж-а Өзгөндөгү мунаранын (11-к., ушул күнгө чейин сакталып калган, бийикт. 18,75 м, фонары 1923-ж. кошумча курулган) мааниси чоң. О. Азиялык зодчийликтин 11-12-к-дагы мыкты үлгүлөрүнүн ка-

Самарканд.
Гур Эмир мавзолейи, 15-к-дын башы.


тарына Өзгөндө түрдүү мезгилдерде курулуп, бири бирине туташ салынган 3 күмбөз кирет. Андагы төрт чарчы залы ж-а башкы фасаддын көркөм жасалгасы портал чамгарактуу мемориал-имараттын идеясын көрсөтөт. Күмбөздөрдүн (12-к.) кирпичтери оймо-чиймеленип, көркөм кыналып ж-а о. эле оюу түшүрүлгөн, сары-кызыл чопо м-н кооздолгон; «ислими» аттуу өтө кооз өсүмдүк арабескасы, «куфи» ж-а «насх» жазуулары, өсүмдүктөрдүн, жылдыздардын каршы-терши оймо-чиймелери, чегилген сызыктардын татаал айкалыштары ж-а кирпичтен кыналган геом. оюулар – «гирихтер» кооздугу ж-а жасалгасынын чебердиги м-н көз жоо-

Кичирейтилген сүрөттү түзүүдөгү ката: File with dimensions greater than 12,5 MP
Өзгөн тарыхый арх-ралык эстеликтери. 11–12-к.


Бишкектеги башкы мечит.


сун алат. Кыргндын Каракоюн суусунун жээгинде, Ат-Башыдан 80 км аралыкта Жети-Суу м-н Кашкарды байланыштырган байыркы кербен жолунда жерг. башкаруучу Мухамед хан тургузган (1408-1415)
Таш-Рабат кербен сарайынын урандысы бар. Тик бурчтуу бөлмөлөр комплекси, коридорлору, чамгарактуу залы бар (мечит болушу ыктымал) симметриялуу, чарчы пландагы бул имарат ганч аралашмасынан (гипс м-н чононун аралашмасы) курулуп, бул типтеги курулуштардан айырмаланып, ички короосу жок. Башкы фасадда айчык сымал арканын эки капталында мунаралары бар. Сарай таш такталардан жөнөкөй кыналып, терезесиз курулгандыктан, ал А-лык жактан жупуну көрүнөт. Кырг-нды Кокон хандыгы басып алган 19-к-дын 20-30-ж-нда алар ири сепилдерди тургузушкан. Кырг-ндын Pocсияга ыктыярдуу кошулушунан баштап шаар куруу өркүндөгөн; Пишпек, Каракол, Токмокту куруунун пландары долбоорлонгон. Пишпек ш-н пландаштыруунун негизинде бири бири м-н тик бурчтуу кесилишкен көчөлөр курулуп, алар майда кварталдарга бөлүнгөн. 20-к-дын ба-

Бишкек. Ысык-Көл мейманканасы.


шында Кырг-нда саман аралаштырылган чопо же кыштан курулган үйлөрдөн турган 6 шаар ж-a бир нече жумушчу посёлкалары болгон.
Кыргызстандын арх-расы ж-a шаар куруунун өнүгүшү революциядан кийинки мезгилде башталып, 30-жылдын аягына чейин созулган. Taрыхый шаарлардын (Ош, Өзгөн) өнүгүшү м-н катар жацы өнөр жайлуу шаарлар пайда болду. Жерг. ж. б. архитекторлордун күчү м-н кийин Жалал-Абад, Токмок, Балыкчы, Каракол, Нарын, Ош, Өзгөн, Көк-Жаңгак, Талас ж. б. шаарлардын генпландары иштелип чыккан. 1970-жылдарда жакшыртылган пландуу турак үйлөр ж-a окуу жайларынын, кинотеатр ж. б. маданий эс алуучу жайлардын имараттары курулду. 1984-ж. Фрунзеде алгачкы 16 кадат, андан соң 12 ж-а 18 кабат турак үйлөр тургузулган. Өнөр жай арх-расы ири масштабдагы курулмалар ж-a комплекстер м-н толукталган. 80- жылдардан тартып курулган объекттерге «Манас» аэропорту (1981), Улуттук коопсуздук кеңешинин (1994), «Бакыт үйүнүн» (1987), Батыш автовокзалдын имараты, Жеңиш монументи», «Манас» скульптуралык тобу (1988) ж. б. кирет. «Манас ордосу» арх-ралык ансамбль (1995) Манастын күмбөзү, музейи жайгашкан жерге курулган. Улуттук арх-ранын салтына ылайык

Таластагы «Манас ордосунун» Кароол-Дөбөдөн көрүнүшү.


салынган чайкана, мечит, адм. -чарбалык курулмалар ж-а чакан арх-ралык формалар да бар. Респ-нын дээрлик бардык региондорунда ме мориалдык күмбөздөр ж-а монументалдыкскульптуралык композициялар тургузулган. Бишкекте фирмалардын 2000-жылдан кийин курула баштаган офистери, менчик ар кандай курулуштар, мейманканалар, өкүлчүлүктүн резиденциялары шаар түрүн өзгөртүү м-н башкача көрк берип турат, к. Бишкек архитектурам.
Ад.: Омуралиев Д. Краткая история архитектуры Кыргызстана. Б., 2003; Всеобщая история архитектуры. Т.1-12. М., Стройиздат, 1969; Мастера архитектуры об архитектуре. М., Искусство, 1972; Иконников А. В. Функция, форма и образ в архитектуре. М., Стройиздат, 1986.
Д. Өмуралиев, М. Карыбекова, Н. Жылдызова.