Difference between revisions of "АРТЕРИТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– артерия кан тамырларынын каптал беттеринин сезгениши. А-тин катуу кармаган ж-а өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган А. жугуштуу оору м-н (баш келте, ич келте, сепсис, грипп ж. б.) ооругандан кийин болот. Мында артерия капталынын серпилгичтиги ж-а булчуң талчалары бузулат, капталында жабышкан тромб пайда болот. Ириңдүү А. абдан коркунучтуу, анда артерия капталы чирип, айрылат же аневризмага. учурайт. Өнөкөт А. туберкулёз, котон жара, аш казандын жарасы ж. б. ооруларга чалдыккандарда байкалат.