Difference between revisions of "АРСЫ БАРИТ КЕНИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Кочкор кыш-нан 17 км түндүктө, деңиз деңг. 2500 м бийиктикте. 1955-ж. геол. изилдөө жүргүзүлгөн. Кен Арсы тектон. жаракасынын чегинде жайгашып, 6 кмге чейин созулат ж-а түн.-чыгыш жагында бир топ майда жаракаларга тарамдалган. Кенташ (руда) тулкулары жарака тарамдары м-н чектелип, кеңдик линза (багытындагы) тарамдарын түзөт. Мында кварц-бариттүү эки кенташтык тарамы чалгындалган. Бул эки тарам тереңдикте бири бирине кошулат, экөөнүн жалпы калыңдыгы 17,1 м. Бариттин кенташ тарамдарындагы өлчөмү 10–12% ти түзөт. Барит майлуу боёкторду жасоого, литопан өндүрүүгө, бургулоого колдонулуучу суюктукка пайдаланууга жарамдуу. Кенташтын запасы C2 категориясы б-ча 1124 миң т, бариттин запасы 122,8 миң т.