Difference between revisions of "АРСЕНАЛ"
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
(фр. arsenal, итал. arsenale, ар. дар
ас-синаа – өнөркана, устакана) – курал-жарак
ж-а ок-дары кабыл алуу, аларды сактоо, каттоого алуу ж-а аскерлерге таратып берүүгө арналган аскердик мекеме. A-да курал-жарактарды оңдоо, жыйноо, айрым бөлүктөрүн жасоо да
жүргүзүлгөн. 19-к-дын аягына чейин көпчүлүк
мамлекеттерде А. деңиз ж-а кургактагы аскерлер үчүн курал-жарактар м-н ок-дарыларды
чыгарган. А. – з-ддордун алдында курал-жарак
ж-а ок-дары сактоочу кампалары болгон. Германияда – Мюнхен, Францияда – Лион, Англияда – Вулидж, АКШда – Франкфорд ж. б. А-дар
болгон. Россияда «Замбирек куюу үйү» деп аталган Москва А. (Кремлде), 1712-ж. Санкт-Петербургда «Куюу иши жана замбирек жасоо үйү»,
1765-ж. Киев А., 1783-ж. Брянск А. салынган.
Кронштадт м-н Севастополдо деңиз А. пайда
болгон. 20-к-дын башында курал-жарактарды
жасап чыгаруу өнөр жайдын өз алдынча тармагы катары бөлүнүүсүнө байланыштуу А. алгачкы маанисин жоготуп, тек гана кампа же база
катары пайдаланып калган.