Difference between revisions of "АРМИРЛЕНГЕН АЙНЕК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– калыптоодо тулкусуна металл торчосун кошуп пресстеп жасалган силикат айнек такта. Имараттын жарык оюктарын ж-а жабуусун, жарык өткөрүүчү тосмосун, үй тепкичинин, лифт шахтасынын тосмолорун ж. б. айнектөөгө колдонулат. Үзгүлтүксүз жаюу ыкмасы м-н даярдалат. Ал урганда же өтө ысыгандачачырап кетпейт. Кескенде же сындырганда жарака пайда болбойт. Армирлөө үчүн диаметри 0,35-0,45 мм зымдан жасалган тор
ширетилет. Бул айнектин жарык өткөрүү жөндөмдүүлүгү 65 %тен кем эмес.