Difference between revisions of "АРМАН КҮҮЛӨР"
Jump to navigation
Jump to search
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
– кыргыздын муз. фольклорунда ж-a комуз музыкасында кеңири өнүккөн
жанрдын бири. А. к-дө негизинен кыргыз элинин өткөн замандагы кайгы-муңу, кедей, жетим-жесирлердин оор турмушу баяндалат. Koмузда А. к. жөнөкөй кайрыктардан тартып кеңири масштабдуу классикалык күүлөргө чейин
өскөн (мис., «Көкөй кести», «Кыздын арманы»,
«Арман күү», «Жетим баланын арманы», «Музоокенин мундуу күү» ж. б.). Айрым А. к. автордун ысымы м-н кошо айтылат: «Абактын арманы», «Арстанбектин арманы», «Серкебайдын
арманы» ж. б. Ботойлор, шыңгырамалар, кербездер, камбаркандар ж. б. арман деген аныктама м-н коштолуп чертилүүсү мүмкүн (мис.,
«Арман кербез», «Армандуу ботой», «Арман
шыңгырама» ж. б.). А. к-дүн өзүнө тийиштүү
толгоосу, чертүү чеги ж-a ыкмалары болот.