Difference between revisions of "АРГУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

– 1) 11–12-к. Караханиддер мамлекетине

караган азыркы Кырг-н, ага чектеш Казакстан аймактарындагы дубан; 2) Гунндардын кура­мындагы байыркы уруулардын бири. А-лар Махмуд Кашгари ж. б. тарыхчылардын эмгек - теринде Талас өзөнүн бойлогон байыркы Талас, Сайрам ш-н мекендеген түрк тилдүү, көп сандуу байыркы эл экендиги айтылган. Махмуд Каш­гари бул топонимди: 1) эки тоо ортолугу; 2) Баласагун ж-а Тараз, Баласагун ж-а Исфиджиабдын ортолугундагы жайгашкан шаарлардын жалпы аталышы экендигин ж-а бул аймакты кийинки мезгилдерде (11-к-га чейин) түрк тилдүү уруулар мекендей баштаганын белгилеген. Жамал Карши (13-к.) А. өлкөсүнө бүткүл ЖетиСуу аймагы кирерин жазат. 11-к-дын орто ченин­де Жети-Суу аймагынан Мавераннахрга А-лар м-н бирге карлук, халадж, тухси ж. б. уруулар көчүшкөн. 1253-ж. Или өрөөнү аркылуу өткөн Гильом Рубрук бул аймактын «Органум» деп аталарын эскерген. Аталган аймак ж-дө Рашид ад-Дин (14-к.) «Жами ат-таварихте» эскерип өтөт. А-лардын чыгыш тегинин башаты СаянАлтай аймагы м-н да байланышы бар экенди­гин азыркы Тывадагы (Тыва Респ.) Оргу топониминин сакталып калышы тастыктайт. О. эле Оргу Аргу этнотопоним катары Чыгыш Түркстанда да сактгшып калган.