Difference between revisions of "АРГОС"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
– Пелопоннес а-нын (түш. Грекия) түн.чыгышындагы байыркы шаар. Калкы 25,1 миң
киши (2004). Б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымында эле ири борбор болгондуктан, байыркы акындардын чыгармаларында айрым учурларда бүткүл Грекия А., ал эми гректер аргивяндар деп айтылган. Микен цивилизациясы кыйрагандан кийин A-ту дорийлер мекендеп калышкан. Б. з. ч. 8-6-к-да алардын бийлиги Пелопоннестин түн.-чыгышына тарап, шаар кайрадан гүлдөп-өскөн. A-то монархия б. з. ч. 5-к-га
чейин өкүм сүрүп, яттттятт соң демократия орногон.
Тышкы саясатында А. м-н Спартанын ортосунда жер үчүн күрөштөр болуп турган. Б. з. ч.
229-жылдан Ахей союзуна, б. з. ч. 2-к-дын
экинчи жарымынан Римдин бийлигине өткөн.
Б. з. 267- ж-а 395-ж. Готтор тарабынан талкаланган. Бүгүнкү күнү А. Грекиядагы туристтик
борборлордун бири. Шаарды археол. изилдөө
учурунда Микен дооруна тиешелүү сепилдин,
Зевс м-н Афины храмынын, 20 миң орундуу
театрдын, музейлердин ж. б. калдыктары табылган.