Difference between revisions of "АРАЛИЯЛАР"
Jump to navigation
Jump to search
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
(Araliaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөр тукуму. Дарак, бадал, лиаиалар ж-а кээ
бирлери көп жылдык чөп. Сөңгөгү тикендүү,
чатырча гүлдөрү шыпыргы топ гүлдү пайда кылат. Жалбырагы жөнөкөй, сабагында кезектешип же тушташ жайгашкан. Мөмөсү жемиш
сымал, айрымдары данектүү. Тукумдун 70тен
ашык уруусу ж-а 850гө жакын түрү белгилүү.
Алар тропик өлкөлөрүндө, негизинен Инди-Гималай аймагында, кээ бири Түн. Америкада, Чыгыш Азиянын мелүүн р-ндорунда кездешет. Ийне
жалбырактуу ж-а аралаш токойдо өсөт. Кээ
бири кооздук ж-а дары-дармек үчүн да өстүрүлөт.
Айрымынын жыгачы сары, наардуу, жеңил.
Оңой жылмаланат. Сапаттуу болгондуктан эмерек жасоодо пайдаланылат. Кырг-нда айрым
түрлөрү оранжереяларда, үйдө кооздукка
өстүрүлөт. Э. Б. Капарова.