Difference between revisions of "АРАЛ ДЕҢИЗИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

, Арал – Каракалпак Республикасы м-н Казакстандын аймагында жайгаш­кан мала туздуу туюк көл-деңиз. Субтропик

алкагынын чөл зонасында жайгашкан. Аянты
миң км2 (1991). Басымдуу тереңдиги 10- 15 м, эң терең жери 54,5 м. Түн. жээги тик, ба­тыш жээги жардуу, түш. ж-а чыгыш жээктери түзөң. Барса-Келбес, Кайра жаралуу ж. б. аралдары бар. Көлгө мурда Аму-Дарыя м-н Сыр-Дарыя куйган. Суунун бетиндеги темп-pa жайында 26-30°С, кышында 0°С. Кышкысын деңиздин бардык жеринде муз кездешет. Туздуулугу 15,9%о. 20-к-дын 60-жылдарынан баштан, көлгө куйган дарыялардын суусу сугатка кеңири пайдалангандыктан деңиз суусу кескин тартылып, туздуулугу артууда. Азыр Сыр-Дарыя, ай­рым жылдары Аму-Дарыя көлгө куйбай калды. Натыйжада көлгө чектеш аймактарда чөлдөшүү процесси күчөп, социал.-экон. структура өзгөрдү. А. д-нин аймагы – «экол. алаамат зонасы» деп жарыяланып, аны коргоо чаралары көрүлүүдө, к. Арал апааты. К. Молдошев.