Difference between revisions of "АРАВАН-САЙ"
Jump to navigation
Jump to search
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
– Ноокат ж-а Араван р-нун аймактары аркылуу аккан суу. Уз. 102 км, алабынын аянты 1960 км2. Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Башталышыида Гезарт, ортонку агымында Чили-Сай, Кыргыз-Ата аталат. Шаарихан-Сай каналына куят. Жогорку агымында шар
аккан тоо суусу, Ноокат өрөөнүнөн чыккандан кийин (Жады-Ноокат кыш. тушта) шиленди конусту пайда кылып, суунун бир тобу жерге сиңип кетет, бул жерден айрым каналдар башталат. Ноокат ойдуңунда Кыргыз-Ата ж-а Косчан кошулгандан кийин Кара-Чатыр тоосун кесип өтүп Фергана өрөөнүнөн чыкканда каналдарга бөлүнүп кетет. Ири куймалары: Кыргыз-Ата, Косчан, Агарт, Ак-Дөбө. Жылдык орт. чыгымы 10,4 м3/сек. Эң чоң чыгымы июнь – июлда, азы март – апрелде байкалат. Майда кире баштап, октябрда тартылат. Боюнда Жаңы-Ноокат, Тельман, Косчан, Беш-Мырза, Араван кыш. жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.