Difference between revisions of "АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЛИГАСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

, ж а м и а т

а д-д у у а л ал ь-а р а б и я – араб мамлекеттеринин өз ара карым-катнашын чыңдоо, саясий аракеттерин координациялоо, көз каранды эместигин, суверенитетин ж-а жалпы эле араб өлкөлөрүнүн таламдарын коргоо максатында түзүлгөн уюм (22. 3. 1945, Каир). Анын мүчөлөрү: Египет, Ирак, Сирия, Ливан, Иордания, Сауд Аравиясы, Кувейт, Катар, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Ливия, Су­дан, Алжир, Тунис, Марокко, Мавритания, Со­мали, Жибути ж-а Палестина автономиясы. Уюмдун жогорку органы – Лиганын Кеңеши (ага уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылары, премьер-министрлери же ыйгарымдуу өкүлдөрү кирет), аткаруу органы – Генералдык секретариат. Штаб-квартирасы – Каир ш-нда жайгашкан. Расмий тили – араб тили.