Difference between revisions of "АРАБАЕВ Чолпонкул Исаевич"
Jump to navigation
Jump to search
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
Чолпонкул Исаевич (17. 9. 1957-ж. т., Нарын обл., Тянь-Шань р-ну, Дөбөлү айылы) – юрист, юрид. илимд. доктору (2005), проф. (2004). КРдин эмгек сиңирген юристи. Юстициянын 3-класстагы мамл. кеңешчиси, КР УИАнын корр.мүчөс(2010), акад. (2021). КМУнун юрид. ф-тин (1983), Москвадагы СССР ИАнын Мамлекет ж-а укук ин-тунун аспирантурасын (1990) бүтүргөн. 1983–87-ж. КМУнун юрид. ф-тинде окутуучу, 1991–96-ж. окутуучу. улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, даярдоо бөлүмүнүн деканы, даярдоо борборунун директору, 1996–2002-ж. КРдин Юстиция министринин орун басары, 1-орун басары, КР Өкмөтүнүн аппаратында адм.-укук департаментинин башчысы, КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынындагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү, КРдин Премьер-министринин кеңешчиси, КР Өкмөтүнө караштуу миграция ж-а демография агентствосунун директору, 2002–03-ж. КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынындагы КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, 2003–05-ж. КМЮАнын ректору, 2005–06-ж. КМЮА, КМУ ж-а КРСУда кафедра профессору, 2006–10-ж. КРдин Мамл. кызмат иштери б-ча агенттигинин Борб. аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы (Чүй, Талас обл. ж-а Бишкек ш. б-ча) ж-а ошол эле мезгилде КМУ ж-а КРСУда кафедра профессору, 2010–12-ж. КРдин Мамл. кадр кызматынын директору, 2012–13-ж. КМУда кафедра башчысы, 2013–17-ж. КР УИАда Башкы окумуштуу катчы, 2017–19-ж. КР УИАнын Социалдык-саясий изилдөө, философия ж-а укук ин-тунун мамл. башкаруу ж-а саясий изилдөө, экспертиза бөлүмүнүн башчысы, башкы ил. кызматкер, 2019-жылдан КР УИАнын Саясий изилдөө ж-а экспертиза борборунун директору. Конституция, жарандык, үй-бүлөлүк, жер ж-а агрардык укук, о. эле ил.-популярдык эмгектердин (а. и. 4 монография, 10 окуу ж-а окуу-усулдук колдонмо) автору. «Манас – 1000» медалы, КР ЖКнын Ардак грамотасы м-н сыйланган.