Difference between revisions of "АППАЛАЧИ"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
(Appalachian Mountains, индейлердин аппалачи уруусунун атынан) – Түн.
Американын чыгышындагы орто бийик тоолордун системасы. АКШ м-н Канаданын аймактарында түн.-чыгыштан түш.-батышты карай 2600 кмге созулуп жатат. Басымдуу бийикт. 1300–1600 м, эң бийик жери – 2037 м (Митчелл чокусу). Кырка тоолордон, өрөөндөрдөн, платолордон, бөксө тоолордон турат. Түн. А. каледон, түш. А. герцин бүктөлүүлөрүндө пайда болгон. А-нин түн. ж-а түш.-чыгыш бөлүгү кристаллданган, батыш ж-а түш.-батышы негизинен чөкмө тоо тектерден (кумдук, доломит, акиташ) турат. Таш көмүр (Аппалачи көмүр бассейни), нефть ж-а күйүүчү газ, темир, титан, асбест
кендери бар. Түн. А. (Мохок ж-а Гудзон д-нан
түндүктө) – бийикт. 400–600 м болгон күдүрлүү
бөксө тоо. Андан чокулары жылма, капталдары жантайыңкы Адирондак (1628 м), Жашыл
тоолор (1338 м), Ак тоолору (1916 м) ж-а маесивдери көтөрүлүп жатат. Too массивдери тектон. өрөөндөр (кийин мөңгүнүн аракетинен төрлөргө айланган) м-н бөлүнгөн. Түш. А-нин кыр
зонасы тик көтөрүлгөн Көгүлтүр кырка тоосунан (эң бийик жери 2037 м, Митчелл чокусу),
көптөгөн жарыш кырка тоолордон ж-а массивдерден турат. Алар бири биринен эрозиядан пайда болгон кенен өрөөндөр (Чоң өрөөн) ж-а чуңкурчактар м-н бөлүнгөн. Кыр зонасына чыгыштан Пидмонт, батыштан А. платолору тутумдашат. Түндүгүндө ийне жалбырактуу ж-а аралаш токой, 41° түн. кеңдиктен түштүктү карай
тоо этектеринде жазы жалбырактуу токой (каштан, эмен, клён ж. б.). 1000 жден жогору аралаш ж-а ийне жалбырактуу токой өсөт.
Ад.: Игнатьев Г. М. Северная Америка. М., 1965;
Физическая география материков и океанов. М., 1988.