Difference between revisions of "АПЕННИН ТООЛОРУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

(Appennino, кельт тилинде пен – чоку) Апеннин ж. а-нда, Италияда.

Уз. 1200 кмдей. Эң бийик жери 2914 м (Корно чокусу). Түн. (Лигурия ж-а Тоскана-Эмилия), Борб. (Умбрия-Марке, Абруццо) ж-а Түш. (Неа­поль, Лукка) А. т-на бөлүнөт. Алар альп бүктөлүүсүндө пайда болгон Кыр зонасы негизинен акиташ, сланец, кумдук тоотектеринен турат; чет жакаларында флиштүү жапыз тоолор, түш.батышында жанар тоолор (Везувий, Флегрей талаасы) орун алган. Климаты субтропиктик жер ортолук деңиздик. Жылдык жаан-чачыны айдарым батыш капталдарында 1000–2000 мм (Лигурия А. т-нда 3000 ммте чейин), чыгыш капталдарында ж-а тоо аралык өрөөндөрдө 600–800 мм. А. т-нан Тибр, Арно ж. б. дарыялар башталат. Түндүгүндө 300–500 м бийиктикке, түштүгүндө 600–800 мге чейин жемиш багы, парк, зайтун токою, жүзүм өстүрүлөт; жер ортолук деңиздик бадал (маквис) ж-а токой өсөт. Түндүгүн 900 жге, түштүгүн 1000-1200 жге чейин аралаш токой (эмен, мырза карагай, каштан ж. б.), бадал, андан жогору бук ж-а ийне жалбырактуу (көк карагай, мырза карагай) токой, жогорку жагында субальп ж-а альп шалбаасы ээлейт. Капталдары жайыт катары пайдаланылат.