Difference between revisions of "АНУЧИН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

Дмитрий Николаевич [27. 8. (8. 9.)

1843, Санкт-Петербург – 4. 6. 1923, Москва] – орус антропологу, географ, этнограф ж-а археолог. Петербург ИАнын, Казан ун-тинин, Лон-
дон антропология ин-тунун ардактуу мүчөсү. 1867-ж. Москва ун-тинин физикаматематика ф-тин бүткөн. 1875-жылдан Москва археология коомунда иштеген. Москва ун-тинин профессору (1884), Россия ИАнын академиги (1896). 1890-жылдан Табият таануу, антропология ж-а этнография сүйүүчүлөр коомунун президенти.
1879-ж. Москва ун-тине караштуу антропология музейинин ачылышынын демилгечилеринин бири. 1880-ж. Москва ун-тинде алгач ачылган антропология кафедрасын, 1885-жылдан география кафедрасын, 1922-жылдан Антропология ин-тутун башкарып, география бөлүмүн түзгөн. Россияда география ин-тунун 1-директору (1922–23). А-дин ил. эмгектеринин негизги багыты – этникалык антропология ж-а адамдын түпкү тегин изилдөөгө арналган. Анын адамдын баш сөөгүнүн аномалиясы (1880), Россияда эркектердин көбөйүшүнүн геогр. бөлүнүштөрү
(1889), Волга башындагы көлдөр ж-а Батыш

Двинанын жогорку агымы (1896) ж-дөгү эмгек­

АНУЧИН 3.png

тери азыркыга чейин өз маанисин жогото элек. О. эле, геоморфология, гидрология, антрополо­гия, антропогенез, этнография, алгачкы архео­логия, тарыхый география ж-а эл таануу тармагына тиешелүү көптөгөн эмгектерди жараткан. 1889-жылдан «Этнографиялык обозрение» журналын редакциялаган. «Землеведение» (1894) ж-а «Орус антропология журналын» (1900) негиздеген. Дарвинизмге өтө берилип, иштеген адам болгон. А-дин тарыхый эмгектеринин маанилүүсү – «Ермакка чейинки Сибирдин тарыхы» (1889). Анын урматына Түн. а-ндагы Жаңы Жердеги муздук, Түн.-Уралдагы тоо, Кичи Куриль жалчасындагы арал, кысык аталган.
Ад.: Карпов Г.В., Путь ученого. М., 1958; Богданов В.В., Д. Н. Анучин. Антрополог и географ. М., 1941; Есаков В. А. Д. Н. Анучин и создание русской университетской географической школы. М., 1955.