Difference between revisions of "«АНТИКОМИНТЕРНДИК ПАКТ»"
324-432>KadyrM |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– Германия
м-н Япониянын ортосунда 1936-ж. 25-ноябрда
Берлинде түзүлгөн келишим. Түпкү максаты
болгон дүйнөлүк үстөмдүккө жетишүү үчүн жүргүзгөн күрөшүн Коминтернге каршы күрөшүү
шылтоосу м-н жаап-жашырган блок болгон.
Анын кошумча протоколу тараптарды Коминтерндин пайдасы үчүн өз өлкөлөрүндө ж-а чет
мамлекеттерде аракет кылгандарга каршы катуу чара көрүүгө милдеттендирген. Бул алардын
башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген. 1937-ж. «Анти
коминтерндик пактга» Италия, кийинчерээк Венгрия,
Маньчжоу-Го марионеттик «мамлекети», Испания ж. б.
мамлекеттер кирген. 1939–40-ж. «Анти
коминтерндик пакт» Герма-ния, Италия ж-а
Япониянын ачык согуштук
союзуна айландырылган. 1941-ж. анын мөөнөтү
дагы 5 жылга узартылып, ага Финляндия, Дания, Хорватия, Румыния ж. б. мамлекеттер
кошулган. 2-дүйнөлүк согушта антифашисттик
коалицияга кирген мамлекеттердин жеңип чыгышы «А. п-нын» жоюлушуна алып келген.