Difference between revisions of "АНТИГИТЛЕРДИК КОАЛИЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– 2-дүйнөлүк согуштун жүрүшүндөгү (1939–45) Германия, Италия, Япония ж-а алардын саттелиттеринин агрессиячыл блогуна каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн мамлекеттердин ж-а элдердин союзу. Ага СССР, АКШ, Англия, Франция, Кытай, о. эле Югославия, Польша, Чехословакия, Австралия, Бразилия, Индия, Канада, Эфиопия ж. б. мамлекеттер кирген. Фашисттик агрессорлор тарабынан басып алынган аймактардагы партизандык ж-а Каршылык көрсөтүү кыймылдары, бүткүл дүйнөдөгү антифашисттик, пацифисттик уюмдар А. к-га чоң жардам беришкен. А. к. 1941-ж. июнда фашисттик Германиянын СССРге кол салуусуна байланыштуу түзүлө баш-таган ж-а буга катышуучулардын союздаштык мамилелери 1942-ж. 1-январдагы 26 мамлекеттин Вашингтон декларациясында, о. эле андан кийинки бир катар документтерде бекемделген. Декларацияга кол койгон мамлекеттер бардык аскердик, экон. ресурстарын фашисттик өлкөлөргө каршы күрөшкө багыттоого ж-а алар м-н сепараттык келишимдерге кол койбоого милдеттенишкен. 2-дүйнөлүк согуш бүтөөрүндө 53 мам-лекет фашисттик блоктогу өлкөлөр м-н согуш абалында турган. А. к. өз милдетин ийгиликтүү аткаруу м-н 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде жеңишке жетишүүдө зор роль ойногон.