Difference between revisions of "АНЕСТЕЗИОЛОГИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– клиникалык медицинанын бөлүмү; ооруну сездирбөө ж-дөгү илим.

Хирург. операцияда ооруну басаддатуучу ж-а организмдин тиричиликке маанилүү функцияларын (дем алуу, кан айлануу, зат алмашуу ж. б.) башкарууну изилдейт А. практикасында көбүнчө наркоз ж-а жерг. анестезия колдонулат. Анын өөрчүшүнө орус окумуштуулары И. И. Пирогов, С. П. Федоров, А. В. Вишневский ж. б. салым кошкон. Наркоз заттары ингаляция (дем алдыруу) же кан тамырга, булчуң этке, сөөк кемирчегине ийне сайуу, ичегиге клизма жасоо аркылуу берилет. Азыр ооруну сездирбөөнүн жаңы ыкмалары пайда болду, наркоз берүүчү аппараттар ж-а аспаптар жасалып, жаңы дарылар синтезделди. Булардын негизинде операция опурталдуулугу төмөндөп, жүрөк, өпкө ж. б. маанилүү тиричилик органдарына узакка созулган татаал операциялар натыйжалуу ишке ашырылууда.