Difference between revisions of "АНЕМОФИЛИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
анемогамия (анемо...
ж-а гр. phileo – сүйөм) – өсүмдүктүн шамал аркылуу чаңдашуусу. Ал ийне жалбырактууларга, о. эле көпчүлүк гүлдүү өсүмдүктөргө мүнөздүү.
А. тобуна кирүүчү гүлдүү өсүмдүктөрдүн келип
чыгышын алардын курт-кумурскалар м-н чаңдашууга мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу ж-а этномофилдик тегинин өсүү-шартына ыңгайлануусу
м-н түшүндүрүлөт. Бул дан өсүмдүктөрүнө, өлөң
чөптөргө, эки үлүштүү дарак өсүмдүктөрүнүн көпчүлүгүнө (кайың, эмен, кызыл кайың, ормонжаңгак, байтерек ж. б.) мүнөздүү. Мындай өсүмдүктөрдө гүл коргону жок же редукцияланып,
көрксүз, түссүз ж-а жытсыз болуп, жеңил, майда, көп чаңчалар пайда болот. Булар жалбырактары ачылганга чейин эле гүлдөп бүтөт.